Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Машиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Медер Машиев.
Медер Машиев.

Президент Садыр Жапаров Азис Сапаралиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотуп, анын ордуна Медер Машиевди министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Мамлекет башчы аны бул кызматка коюу үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизди.

2-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Медер Машиевдин талапкерлигин карап, президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

54 жаштагы Медер Машиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. 2016-2019-жылдары “Газпром Кыргызстан” компаниясында иштеген. 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон. Быйыл март айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болгон.

Былтыр марттан бери жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп келген Мелис Тургунбаев быйыл июндун аягында Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG