Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Киевде аба соккуларынан эки адам жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери 2-сентябрга караган түнү Киевге ракеталык чабуул жасап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди. Маалыматка караганда, абадан атып түшүрүлгөн орусиялык ракеталардын сыныктарынан шаардын кеминде төрт районунда өрт чыкты.

Святошинск районунда ракетанын сыныктары түшкөн жайлардын биринде төрт автоунаа күйүп, бир имараттан өрт чыкты. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган “Святошина” метросунун станциясы, анын жанындагы күркө жабыркаган.

Шевченко районунда бир адам жаракат алды. Виталий Кличконун айтымында, Орусиянын ракета чабуулунан эки адам жабыркап, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Киев шаардык аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко Киевди түнкү аткылоо учурунда абадан коргонуу күчтөрү ондон ашык канаттуу жана онго жакын баллистикалык ракеталар атып түшүрүлгөнүн айтты.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG