Казакстанда АЭС боюнча референдум 6-октябрда өтөт

Атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленди. Бул тууралуу 2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялады.

"Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деди Токаев.

АЭС маселесине арналган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында уюштурулду. Бийлик коомдук талкуу деп атаган мындай жыйындардан кийин маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууга жол ачылары айтылган. АЭСке каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган.

Республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү 27-августта жактырган. (RK)

Дагы караңыз

Киевде аба соккуларынан эки адам жараат алды"Арзан жана тез". Чет өлкөгө акча которуу түйшүгү криптовалютага суроо-талапты көбөйттүбү?Беслан окуясы: Жакынын жоготкондор издеген чындыкМашиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды