Ошол эле учурда Түштүк Кореяда бизнес менен алектенген кыргызстандыктар жакында алдамчыларга кабылып, чоң акча жоготушканын билдиришти. Бизнес чөйрөсүндө электрондук акчаларды колдонуу канчалык коопсуз?
Бул тууралуу «Азаттыкка» эксперттер айтып беришти.
Акча которуудагы кыйынчылыктар
Август айында Кыргызстандын банктарында акча каражаттарын башка өлкөлөргө которууда кыйынчылыктар жаралганы маалым болду, анткени айрым корреспонденттик банктар Кыргызстан менен иштешүүдөн баш тартышты.
2023-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын банктары үчүн SWIFT системасы аркылуу доллардык которууларга чектөө киргизген Түштүк Кореянын Kookmin Bank банкы, быйылкы жылдын сентябрь айынан тартып Кыргызстандын банктары менен доллардык операцияларды толугу менен токтоторун жарыялады.
Кыргызстандын бир катар банктары бул чечимди комментарийлеп жатып, жаралган кырдаалдан кантип чыгууну пландап жатканын билдиришти. Айрым мекемелер эл аралык которуулар үчүн альтернативдик каналдарга ээ экенин билдирсе, башкалары жаралган ыңгайсыздыктарды азайтуу боюнча иш алып барып, башка корреспонденттик банктар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө аракет кылып жатышканын айтышты.
Өлкөнүн Улуттук банкы кореялык банктын чечимин батыш санкцияларын сактоо менен байланыштырып, «өз кардарларына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында КРдин коммерциялык банктары чет өлкөлүк банктар менен жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү жана кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат» деп билдирди.
Эксперттер бул кырдаалды комментарийлеп жатып, эгерде коммерциялык банктар жакын арада альтернативдик чечимдерди таппаса, Түштүк Кореядагы корреспонденттик банктын жоголушу өлкөнүн тышкы соодасына олуттуу таасирин тийгизерин белгилешти.
Ошондой эле, Kookmin Bank банкынын Кыргызстандын банктары менен SWIFT которууларын токтотуусу Кыргызстандагы банктык секторго олуттуу кесепеттерди алып келиши жана келечекте башка эл аралык банктар дагы Кыргызстандын банктары менен болгон мамилелерин кайра карап чыгууга аргасыз болушу мүмкүн экени белгиленди.
Криптовалютага суроо-талап жогорулап жатат
Ушул эле учурда айрым кыргызстандык ишкерлер банктар аркылуу эмес, криптовалюталык төлөм системалары аркылуу чет өлкөлөргө акча которууларды көбүрөөк жүргүзүп башташты.
Жакында эле криптовалюта «алмаштыруучу жайлардын» кызматын колдоно баштаган ишкер Нурсултан (аты өзгөртүлдү) бул процесстин кандайча ишке ашарын айтып берди.
«Мисалы, сиз машина сатып алып, аны чет өлкөдөн буйрутма кылгыңыз келет. Бизге келип, керектүү машинаны табабыз, анан сизге баасын айтабыз, мисалы, жеткирүү менен бирге жалпы баасы 10 миң доллар болот дейли. Сиз бизге акча алып келесиз, биз болсо «алмаштыруучу жайга» барып, акчаны беребиз. Алар бул акчаны криптовалютага которуп, аны машина буйрутма кылынып жаткан өлкөгө жөнөтүшөт. Биз сизге электрондук капчыктын ээсинин атын беребиз. Ал өлкөдө биздин өнөктөштөр бул акча которулган адамдарга барышып, акчаны доллар же аларга керектүү валюта түрүндө алышат. Биз иштешкен «алмаштыруучу жайлар» Улуттук банктан лицензия алып, мыйзамдуу түрдө иштегендер. Бирок лицензиясыз да иштеп жатышкандар бар экенин айтып айтышат. Бул бүтүндөй бир система, анда курс бар, ал өзгөрүп турат, анан ал жерде ставкалар коюлуп, соода жүргүзүлөт ж.б. Мен булардын майда-баратына аралашпайм, ошондуктан ортомчуларга – «алмаштыруучу жайлардын» кызматкерлерине кайрылабыз. Неге банктар аркылуу которуу мүмкүн эмес? Анткени бул чоң суммадагы акчалар. Биз бир эле кардардын акчасын которбойбуз да. Бир нече кардардын акчасын чогултуп, которобуз, кардарлар көп. Жыйынтыгында банктар аркылуу которуу пайдалуу болбой калат, анткени комиссиясы өтө жогору, ошондуктан көпчүлүк учурда криптовалюта менен которушат», – деп түшүндүрдү Нурсултан.
Ошондой эле ал мындай которуулар өздөрүндө эч кандай тобокелдик алып келбейт, бирок акчаны жоготуп алуу коркунучу бар экенин, эгерде криптовалюта которулган өлкөдө ишеничсиз өнөктөштөр чыгып калса, акчаны жоготуп алуу мүмкүн экенин белгиледи.
Жакында эле Түштүк Кореяда ишкерлик менен алектенген кыргызстандыктар алдамчыларга кабылып, ири суммадагы акчасын жоготушканын билдиришти. Алар Кыргызстанга унаа, телефон жана башка товарларды жөнөтүү менен алектенишерин, ал эми акчаны криптовалюта түрүндө алышып, кийин аны кадимки акчага айлантышарын айтып беришти. Бул иште аларга жергиликтүү ишкер аял жардам берип келген. Бирок акыркы айларда алар акчасын алалбай калышкан, өнөктөштөрү криптовалютаны акчага айландыргандан кийин акчаны ишкер айымга жеткирүүгө жооптуу болгон курьер алып кеткенин айткан.
Бул маселеге Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Элчилигинин өкүлдөрү аралашкан. Алар КР жарандарынын товар үчүн акчасы Tether криптовалюталык төлөм системасы аркылуу USDT стейблкоиндери менен которулганын маалымдашты.
Эксперттин комментарийи
Бул кырдаалдын алкагында биз адистерге кайрылып, криптовалюталык которуулар канчалык коопсуз жана мыйзамдуу экенин, ишкерлер акчасын жоготуп алуу тобокелдиги барбы жана бул ыкма менен акча которуунун артыкчылыктары кандай экенин сурадык.
Криптовалюта жана блокчейн технологиялары боюнча адис Даниил Вартановдун белгилешинче, бул ыкманы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонушат. Бирок айрым мамлекеттерде бул дагы деле мыйзамсыз деп эсептелет. Анткен менен тыюу салынганына карабастан, ал өлкөлөрдө криптовалюталарды сатып алып, сатууга мүмкүн болгон "кара базарлар" өнүгүп жатат дейт талдоочу.
«Улуу Британияда, АКШда жана жалпысынан көптөгөн өлкөлөрдө криптовалюталар чет элдик валюталарга тең, демек алардын сатып алынышы жана сатылышы кошумча наркка салык салынбайт. Алар жөн гана кадимки чет элдик валюта катары алмаштырылышы мүмкүн. Кыргызстанда Улуттук банк криптоалмаштыруучу жайларды мыйзамдаштырууга аракет кылган, криптоалмаштыруучу жайларга лицензия киргизилген, бул алардын мыйзамдуу болушуна шарт түзгөн. Бул алдыга жасалган кадам болчу. Бирок, ошол эле учурда, эки кадам артка ташталды, себеби криптовалюта менен товарларды жана кызматтарды сатууга тыюу салынды. Ошентип, Улуттук банк криптовалюталарды жөн гана трейдинг үчүн, башкача айтканда, курс алмашуудагы чайкоочулук үчүн гана калтырды. Өкүнүчтүүсү, Улуттук банк тарабынан финансылык кызматтардын бардык спектрине кире албаган адамдар үчүн криптовалюталарды толуккандуу колдонууга, тилекке каршы, тыюу салынган. Менин оюмча, бул өтө көрөгөчсүз кадам болду», - дейт Вартанов.
Мындан тышкары, адис « криптоалмаштыруучу жайлар» аркылуу акча которуунун бир катар артыкчылыктарын санап берди. Маселен, анын айтымында, мындай которуулар чынында банктардыкына караганда арзан түшөт.
«Бул ар дайым арзан болуп келген, өзгөчө криптовалюта тармактары жүктөлгөн айрым "хайп" учурларын эске албаганда. Бирок дээрлик ар дайым криптовалюта аркылуу которуу банктарга караганда арзан болот, анткени банктар бул чоң корпорациялар, ал жерде көптөгөн текшерүүлөр бар. Ал эми банктар айрым нерселерди такыр кыла алышпайт, мисалы, 1-январда Кыргызстандан Бельгияга бир миллион доллар которо алышпайт. Мындайга банктар жөн гана жөндөмсүз. Ал эми криптовалюталар менен азыр муну ишке ашыруу мүмкүн. Криптовалюталар пайда болуп, модага айланган кезде банктар оңоло баштады. Мисалы, Евробиримдиктин ичинде транзакцияларды тез, арзан жана дээрлик чектөөсүз жүргүзүүгө болот. Бирок банктык чөйрөдө учурда эң өнүккөн өлкөлөрдүн тургундары үчүн гана жеткиликтүү болгон нерселер, криптовалюта менен өлкөсүнөн жана жашаган жеринен көз карандысыз ар бир адам үчүн жеткиликтүү. Криптовалюта таза математика негизинде иштейт, математика баарына бирдей иштейт жана бул чоң демократиялык теңдештирүүчү жана финансылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн теңдештирет. Чек ара аркылуу которууларда ылдамдык жана жеңилдик артыкчылыктар болуп саналат. Мисалы, Екатеринбургдан же Сеулдан биздин эмгек мигранты үй-бүлөсүнө - Ошко акча жөнөтүп жатканда, ал акчаны жөнөткөндөн кийин анын үй-бүлөсү Ошто ошол замат бул акчаны пайдалана алат. Башкача айтканда, алмаштыруучу жайга барып, криптовалютаны сомго, долларга жана башка валютага алмаштырууга болот», - деп түшүндүрдү эксперт.
Вартановдун айтымында, криптовалюта аркылуу которууларда тобокелчиликтер, албетте бар, бирок алар нак акча же банктык карталар менен иш алып барууда алданып калуу мүмкүнчүлүгү менен бирдей эле деңгээлде.
«Эгерде сиз кадимки банк карталарын гана колдонуп жатсаңыз, анда да алдамчыларга алданып калуу коркунучу бар. Ошондуктан, нак акча менен, банктык которуулар менен, карталар жана криптовалюталар менен иштегенде – бардыгы бирдей. Алдамчылар бар жерде алдамчылык болот, алар сизге туура эмес реквизиттерди берүү сыяктуу ыкмалар менен алдап кетиши мүмкүн. Ошондуктан, бул жагынан эч кандай айырмачылык жок. Нак акчага салыштырмалуу криптовалюталардын чоң артыкчылыктары бар. Эгерде адам өзүндө чоң суммадагы нак акчаны алып жүрсө, ал, мисалы, куралдуу тоноодон акчасын коргой алышы керек. Ал эми криптовалютадагы каражатын ар бир адам коргой алат. Бирок, албетте, бул үчүн айрым көндүмдөрдү алуу керек. Качандыр бир кезде баарыбыз банктык тиркемеге туулган күнүңүздү же 1234 сыяктуу жөнөкөй коддорду сырсөз кылып койбоо керек экенин үйрөнгөндөй эле, криптовалюталар менен да иштөөнү үйрөнүү керек. Бул көндүмдөр анча татаал эмес, алар жөнөкөй эмес, бирок аларды ар бир адам, компьютерди колдонуунун жана билим деңгээлинен көз карандысыз өздөштүрө алат. Криптовалютадагы бардык транзакциялар ачык. Мамлекеттин ресурстары болгондо аларды оңой эле көзөмөлдөөгө болот. Эгерде кылмышкерлер криптовалюталарды колдонууга аракет кылып жатышса, аларды блокчейн аркылуу көзөмөлдөө менен оңой жана тез кармап алууга болот. Мисалы, Кыргызстанда кылмышкерлер криптовалюталарды колдонууга жетишип жатса, бул биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлерге мындай кылмышкерлерди кармоо үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү үйрөнүүгө маани бербей жаткандыгын гана билдирет», - деп эсептейт Вартанов.
Эксперт, техникалык жактан алып караганда, криптовалюта менен иштөөнүн популярдуулугун арттырууга Кыргызстанда баары даяр экенин, болгону мамлекет тарабынан бардык куралдарды жана жараяндарды толук мыйзамдаштыруу гана жетишпей жатканын кошумчалады.
100 криптоалмаштыруучу жай
2022-жылы Кыргызстанда «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Бул мыйзам менен мамлекет майнерлердин, криптобиржалардын жана криптоалмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган. Андан бир нече жыл мурун Кыргызстандын бийлиги жарандарды криптовалюта менен иштөөнүн тобокелчиликтерин эске алуу менен аларды иштетүүгө каршы экендигин айтып, алардын улуттук валюталык-финансылык жөнгө салууга, бюджеттик жөнгө салууга, коомдук тартипти камсыздоого жана улуттук коопсуздукка терс таасир тийгизерин эскертип келген.
Tazabek экономикалык басылмасы Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматына шилтеме жасап билдиргендей, 2022-жылдын ноябрь айынан 2024-жылдын август айынын башына чейин Кыргызстанда 100 криптоалмаштыруучу жай катталган, алардын ичинен 31 компания чет элдик үлүшкө ээ.
Криптовалюта алмаштыруу операторунун лицензиясын Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы берет. Лицензия ээлери финансылык ортомчулук, дистанциялык соода, каржы рыноктору, акча алмаштыруу бюролору, ошондой эле бир мобилдик оператордун компаниялары экени айтылууда.
Басылманын маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында криптоалмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 346,7 миллиард сомду түзгөн. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, бул сумма 95,8 миллиард сомго жеткен.
Бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда криптоалмаштыруучу жайлардын кызматтарын колдонуучулардын саны көбөйүп жатканын тастыктайт. Бирок, криптоалмаштыруучу жайлардын кызматтарын канча адам колдонору жөнүндө расмий маалыматтар жок.
Эксперттердин жана ишкерлердин криптовалюталардын коопсуздугу боюнча айткан сөздөрүнө карабастан, тобокелдиктер дагы эле бар. Муну 2023-жылы АКШда болгон окуя тастыктайт. Анда эки жигит 12 секунддун ичинде 25 миллион долларлык криптовалютаны уурдап кетишкен. ЖМКлардын маалыматы боюнча, бул кылмыш схемасын алар бир нече ай бою иштеп чыгышып, транзакцияларды ишке ашырууга системадан уруксат алуунун алдында кирүүгө жетишкен. Убакыт келгенде, алар транзакцияны кармап алышып, курмандыктардын криптовалютасын өзүнө алышкан. Бул бардыгы бир нече секунддун ичинде болгон. АКШнын Юстиция министрлиги мындай каракчылыкты биринчи жолу деп атаган, ал эми прокурорлор бул схема «блокчейн технологиясынын бүтүндүгүнө шек келтирет» деп белгилешкен.