Бишкекте курулуш материалын саткан контейнер күйүп кетти

Өрт чалган контейнер.

Бишкектин Свердлов районунун Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эшик жана курулуш материалдарын саткан контейнердин 300 чарчы метри күйүп кетти. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Өрт чыкканы тууралуу 1-сентябрь саат 21:30дарда маалымат түшүп, тилсиз жоо 2-сентябрга караган түнү толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү автоунаа жана суу ташыган бир машина тартылган. Кырсык эмнеден улам чыкканы такталып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Паралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээледиНорвегиянын ханбийкеси Марта Луиза шаманга турмушка чыкты Азербайжанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдөАрмения ЖККУнун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоттуХарьковго кеминде 10 жолу сокку урулду, 40 киши жабыркады Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО талап кылына баштадыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу эки айга камалдыМосква Киевди жапырт дрон чабуулу үчүн айыптоодо