31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылды

Бишкектин Ала-Тоо аянты. 31-август, 2024-жыл.

31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык иш-чарада 502 бала элдин арасында адашып жоголуп, милиция кызматкерлери аларды кайра ата-энелери менен жакындарына кайтарып берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

31-август Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында негизги майрамдык салтанат уюштурулду. Сахналаштырылган оюн-зооктор коюлуп, жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулады. Ал дээрлик беш сааттан ашык убакытка созулду.

Бишкектин Ала-Тоо аянты. 31-август, 2024-жыл.

Адатта Ала-Тоо аянтында уюштурулган массалык иш-чараларда сахна Улуттук тарых музейи тарабына коюлуп, коноктор менен көрүүчүлөр анын маңдайына жайгаштырылат. Быйыл аянт реконструкцияланып жаткандыктан көрүүчүлөр Улуттук тарых музейи тарабында болуп, сахна Чүй проспектисине коюлду. Ушундан улам аянтка эл батпай, көбү Жогорку Кеңеш менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имараты жайгашкан тарапта турушту.

Иш-чарада коомдук тартипти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) беш миңден ашык кызматкери камыздады. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алындыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүМилиция Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин билдирдиМилиция Нарында аялын бычак менен сайган адам кармалганын билдирдиМиланда Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттүХарьков шаарында аза күтүү жарыяланды