ISW: Орусия Украинанын стратегиялык шаарын басып алуу үчүн эки тараптан чабуул жасоодо

Украина. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинанын Донецк облусундагы стратегиялык мааниси бар Покровск шаарын карай чабуулдарында “эки негизги тактикалык операцияны” ишке ашырып жатат. Бул тууралуу Согушту изилдөө институту (ISW) билдирди.

Биринчиси, уюмдун 29-августтагы маалыматына караганда, Покровск шаарынын чет жакасына жетиш үчүн чыгыш тарапты көздөй Новогродовка шаарынан Гродовка кыштагына чейинки аралыкта жүрүүдө.

Экинчиси Покровск шаарынын түштүк-чыгышында Селидово – Украинск – Горняк багытында “украиндердин контрчабуулдарына туруштук бериле албай калышы мүмкүн болгон жерлерди жоюу жана орус аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” экени белгиленди.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында жерден жана абадан кол салып, “атайын аскердик операция” баштаганын жарыялаган. Украина орус аскерлери жайкын тургундарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын тынымсыз талкалап келатканын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Жумуртка импортуна киргизилген чектөө 3-сентябрда алынатУКМК Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирдиНуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жаздыНуржигит Кадырбеков мандатын тапшырууга арыз жазды