Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырууга арыз жазды


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу 30-августта Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Мунун алдында Кадырбеков өзү Фейсбукка табышмактуу пост чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржигит Кадырбеков арызын качан карары белгисиз.

Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан.

Сурактан чыгып баратып журналисттерге учкай комментарий берип, бир кезде өзү жетектеген "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирген.

Ал фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин көзөмөлүндө болгонун айтып, каражаттар мыйзамсыз иштетилбегенин билдирген.

"Ыйман" фондунун мурдагы эсепчиси кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине "толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес" деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.

Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек. Анын чоо-жайы, суракка алынган же айыпталган адамдардын ысымы белгисиз.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту ("өзгөчө ири өлчөмдө, ызмат абалын пайдалануу") менен айыпталууда. Соттун чечимине ылайык, Аширова 2024-жылдын 2-октябрына чейин камакта болот.

Түркиядан каражат келген жылдары “Ыйман фондун” Искендер Ормон уулу менен Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Кадырбековдон кийин “Ыйман” фондун Самаган Мырзаибраимов, андан соң Рахматулла Эгембердиев, Зикрулло Махамат уулу башчы болгон. 2024-жылдын июнь айынан тарта Жанузак Туран уулу башкарып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мурдараак "Азаттыкка" берген комментарийинде фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин көзөмөлүндө болгонун айтып, каражаттар мыйзамсыз иштетилбегенин билдирген.

“Ыйман Нуру” фракциясынын парламентте беш депутаты бар.

Нуржигит Кадырбеков - Жогорку Кеңештеги беш депутаттын башын бириктирген “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери. Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2023-жылдагы сурамжылоосу Кадырбековду колдоочулары көп саясатчылардын бири деп аныктаган.

Саясат талдоочулар Нуржигит Кадырбековду, ал жетектеген фракцияны Жогорку Кеңештеги оппозиция катары эсептебейт. Бирок депутат айрым талаштуу мыйзамдар боюнча каршы добушун, кай бир маселелер боюнча бийликке терс пикирин айтып турат.

XS
SM
MD
LG