Кыргызстанда 100 объект ишке берилди

“Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводу.

Президент Садыр Жапаров 30-августта Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышына катышты. Андан тышкары өлкөдөгү жаңы курулган 40 өндүрүш ишканаларын жана 60 социалдык обьектилерди онлайн ачты.

“Терек-Таш” заводу жылына 1,2 млн тонна клинкер, 1,7 млн тонна цемент чыгарат. Заводго “AAA GROUP” корпорациясынын курамына кирген “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, “Демир кыргыз эл аралык банкы” сыяктуу финансы институттарынын жана “AAA GROUP” компаниялар тобунун каржылоосу менен ишке берилди.

Заводго 160 млн доллар жумшалса, анын 40 млн долларын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду берген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, Кыргызстан жылына 8 млн тонна цемент керектесе, өлкөдөгү заводдор 5 млн тонна өндүрөт. Жаңы завод 1,7 млн тонна өндүрсө, муктаждык дээрлик жабылып, импортко көз карандылык жоюлат.

Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстан Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөштүБишкектеги “Аккула” ат майданынын ордуна чет элдик компания кичи район куратЖогорку соттун коллегиясы "Клооп Медианы" жоюу тууралуу чечим чыгарды CPJ Жогорку Соттун "Клооп Медиа" боюнча чечимин айыптаган билдирүү тараттыГермания: Золингендеги кол салуу боюнча кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулганы маалым болдуМурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер "эскерүү марафонун" өткөрүштү Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин мурдагы келини 12 жылга кесилди