Азыр болсо эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги жаңы маселелер да жок эмес. Алсак, дүйнө соңку бир канча жылдан бери миграциялык оор кризиске туш болуп турат. Жиктешүү, улутчулдук, радикализм сыяктуу коркунучтар, экинчи жагынан климаттын өзгөрүүсү, экологиялык көйгөлөр улам курчуп баратат. Геосаясий өзгөрүүлөр жүрүүдө. Аталган факторлордун эгемен өлкө үчүн оң жана терс жактары кандай болот? "Азаттык" Кыргызстандын алдындагы беш чакырыкты эксперттер менен чогуу тизмектейт.
Коопсуздук жана чек ара
Эгемендик алган соң Кыргызстан өзүнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна толук жоопкерчилик алышы керек эле. Ошондуктан биринчи кезекте кошуна өлкөлөр менен чек араны тактап, чечип алуу милдети турду.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 30-августта президенттик администрациянын жаңы кеңсеси - "Ынтымак Ордонун" ачылышында чек арага да учкай токтолуп өттү.
"Биз эң аялуу маселени – өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүгө убада бергенбиз – бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Садыр Жапаров.
Азыркы учурда чек араны тактоо иши Тажикстан менен гана калып, анын да акыркы баскычына келгени менен бул маселе эгемендик жылдардын эң оор жана түйшүктүү маселеси болуп келди. Алар тууралуу алдыда сөз кылабыз.
Кыргыз жергеси Орусия империясынын, кийин СССРдин курамында турган маалда Кытай менен чек ара шарттуу түрдө аныкталып, бирок толук чечилбей келген. 1991-жылдын май айындагы советтик-кытайлык сүйлөшүүдө Кан-Теңир талаштуу тилкеси эки тарапка бөлүнүп, Боз-Айгыр талаштуу тилкеси Кытайга, Эркечтам талаштуу тилкеси СССРге өткөн. Бул ирет Үзөңгү-Кууш тилкеси чечилбей калган жана ал кийинки көйгөйлөргө себепчи болгон.
Кыргызстан үчүн дагы үч кошуна мамлекет – Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны такташуу түпкүлүгүндө Кытайга караганда жеңилирээк болушу керек эле. Анткени алар мурда бир мамлекеттин курамында болгон жана чек аралары дээрлик толук чийип белгиленген.
Анүстүнө аталган мамлекеттер эгемендик алган соң кабыл алышкан Алматы декларациясы да бар эле. 1991-жылы 21-декабрда мурдагы советтик өлкөлөрдүн 11и кабыл алган бул документ менен СССРдин тараганын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин (КМШ) түзүшкөнүн ырасташкан. Анда алар бири-биринин суверенитетин таануудан сырткары бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана ошол чактагы чек араларын тааный турганын да шерттешкен. Чек араларда чыккан бардык жаңжалдар тынчтык жолу менен чечилмек болгон. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болгон жок.
Кыргыз-казак чек арасынын таржымалы
Кыргызстан менен Казакстан 1998-жылы чек араларды делимитациялоочу топ түзүп, 2001-жылы 15-декабрда Астанада келишимге кол коюшкан. Казакстан келишимди 2003-жылы бекитсе, Кыргызстанда парламенттеги нааразылыктардан улам создугуп кеткен. Депутаттар бийликти “Ысык-Көлдөгү Каркыра жайлоосун Казакстанга берип жиберди” деп айыптаган.
2005-2006-жылдары Кыргызстанда бийлик алмашкан соң Казакстандын чек арачылары келишимдин бекитиле электигин шылтоолоп, Каркыранын тегерегинде кыргыздар пайдаланып келген жерге жергиликтүүлөрдү киргизбей койгон. Талаш-тартыштардан соң Жогорку Кеңеш 2008-жылы келишимди ратификациялаган.
Коопсуздук боюнча эксперт жана саясий талдоочу Орозбек Молдалиев кезинде буга байланыштуу нааразылыктар чыкканын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттап, бирок соңку геосаясий окуяларды эске алганда эртерээк чечим кабыл алынганы туура экенин белгилейт.
“Чек араны бөлүү негизи эле ушундай кыйынчылыктар менен коштолот. Дүйнөдө чек араны тактоо үчүн кагылыштар болуп, согуш чыгып кеткен мисалдар көп. Ооганстан менен Пакистандын ортосунда илгери Улуу Британия чийип кеткен чек ара сызыгына байланыштуу канча кагылыштар катталды. Дюранд сызыгы боюнча дале чыр болуп келатат. Ошол эле Кытай менен Орусиянын ортосунда Даман аралы боюнча талаш болуп, 1969-жылы куралдуу жаңжал чыккан. Чатакта эки тараптан ондогон аскерлер, айрым маалыматтарда жүздөгөн аскерлер өлүп кеткен. Соңунда арал Кытайга өткөн. Айтор, чек ара чечилмейин коңшу мамлекеттердин ортосунда тынчтык болбойт. Мисалы, азыр чек арадагы талаш-тартыштардан улам Кытайдын бизге көңүлү түз болбой, кандайдыр бир эрегиш чыкса, кандай болмок? Ошондуктан “утулдук, уттук” дей бербей, маселени эртерээк чечишкени оң болгон”.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо иштери 2000-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунда СССР жаңы түптөлгөндөгү улуттук-аймактык бөлүштүрүү мезгилинен берки талаш-тартыштар көп болчу. Иш ошол себептүү кечеңдеп отурду.
Тактоо иштеринин кечеңдеши жана саясий окуялардан улам Өзбекстан ортодогу чек ара бекеттеринин көбүн жаап, саналуусун гана иштетип келди. Такталбаган тилкелерден өткөн жарандарга өзбек чек арачылары ок аткан учурлар катталган.
Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып, Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жакшыра баштаган. 2017-жылы 1378 чакырымдык чек аранын 1170 чакырымы (85%) такталган. Калган 15% – эң талаштуу жерлер соңку жылдары такталды.
Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев соңку макулдашууну 2022-жылы ноябрда ратификациялап, 2023-жылы январда Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашты. Бул чечимдерге, анын ичинен Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өткөнүнө Кыргызстанда нааразылык чыкканына карабай, маселеге чекит коюлду.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда да СССР түптөлгөндөн бери талаштуу маселелер көп болгон. Эки республика эгемендик алган соң 1997-1998-жылдары алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, 2000-2002-жылдары да уланткан.
Адистер ырастагандай, Тажикстандын азыркы бийлиги чек арадагы такталбаган тилкелерди 1924-1927-жылкы карталар менен чечкиси келсе, кыргыз тарап 1956-, 1958-, 1961-жылдардагы жана 1989-жылкы документтер менен карталарды карманат. Так ушул маселелерден улам сүйлөшүү создугуп кеткен.
Дүйшөмбү Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавына байланыштуу позициясынан кайтпай, ага кирчү жолду – Төрт-Көчөнү алып, анклавды Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырууга умтулуп келди. Бишкек алгачкы карталарга ылайык Төрт-Көчө толугу менен Кыргызстандыкы болгонун билдирип, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдө тескерисинче Жерге-Тал менен Мургабга байланыштуу маселени коюп келди.
Айтор, тактоо иштери кечеңдегенден улам ар кайсы жылдары чек арада ар кандай жаңжалдар болуп турду. Бир тобунда курал колдонулду. 2010-жылы жайытка байланыштуу, 2013-2014-жылдары Төрт-Көчө аркылуу өткөн Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолун курууга байланыштуу тиреш болгон. Соңунда 2021-жылы апрель-май айларында ири жаңжал чыгып, 2022-жылы сентябрда ал кайрадан кайталанды. Эки тараптан тең бир топ турак жайлар талкаланып, ири курмандыктар болду.
Кыргыз бийлиги чек аралаш аймактарда Тажикстан тараптан жасалган кол салууну “куралдуу агрессия” деп атаган. Тажик бийлиги да ушундай эле маанайда үн каткан. Деген менен бул чатакка чек аралардын так эместиги алып келди десек болот.
Соңку жаңжалдардын фонунда кыргыз тарап чек арасын бир тараптуу жапканы Бишкек менен Дүйшөмбүнүн бул жааттагы аракеттерин ыкчамдаткан. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен ар кайсы форматта бир нече ирет кездешип, натыйжада чек араны делимитациялоо иши кыйла жылды.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Кыргызстандын калган эки коңшусу менен чек арасын тактоо аракетин учур талабы деп түшүндүрдү. Анын пикиринде жалпы чөлкөмдө, анын ичинен Ооганстанда кырдаал курчуп турган маалда Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын ыкчамыраак чечкени жалпы коопсуздук үчүн маанилүү болчу:
“Өзбекстан менен чек араны тактоо салыштырмалуу түзүгүрөөк өттү. Албетте, биз үчүн эң талылуу Кемпир-Абад маселеси бир топ саясатташып кетти. Мен адис эмесмин, бирок ошентсе да салкын кандуу талдай турган болсо, биз мында болгону статус-квону (иш жүзүндөгү абалды) гана бекитип койдук. Өзбекстан аталган суу сактагычты ансыз да ээлеп турган, плотинасын өздөрү тейлешчү. Менимче, ушул жана башка жагдайларды эске алып, биздин бийлик алар менен маселени чечүүдө мүмкүн болгон оптималдуу вариантты тандап алышты. Тажикстан жөнүндө айта турган болсок, ооба, соңку эки конфликт биз үчүн сезилерлик сокку болуп калды. Абдан жагымсыз окуя болду. Бул жаңжалдардан соң бул тарап да, тигил тарап да маселе күч менен чечилбей турганын түшүнгөндөй болушту. Тараптар маселени кандай болсо да чечиш керектигин аңдашты. Мен билгенден, азыр эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 90%дан ашыгы макулдашылып бүтүп калды окшойт. Калган жерлерди эми катуу-катуу эле кесишке туура келет. Тажиктер тарап да, биз тарап да кандайдыр бир ийге келиши керек. Балким, бир үй экиге бөлүнүп калган учурлар болот, анткени жагдай ошондой. “Бир сөөм жерди да бербейбиз”, “бир карыш жерди да бербейбиз” дегенге такап олтура берүү саясий катачылык болуп калат”.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым болсо, 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.
Кыргызстандагы диний радикализм
33 жылдын ичинде Кыргызстан көптөгөн социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жана саясий туруксуздукту башынан кечиргенден тышкары, диний радикализм жана экстремизм көйгөйү менен да бет келди. Бул жылдары мамлекет бир жагынан өлкө ичиндеги радикал топторго бөгөт коюу иштерин жүргүзсө, экинчи жагынан эл аралык терроризмге каршы күрөшкө да өз салымын кошууга ынтызарлыгын көрсөттү. Ошентсе да диний радикализм жана экстремисттик топтордун ишмердиги олуттуу көйгөй бойдон калууда.
Диний радикализм дегенде, жарандардын жана топтордун өздөрүнүн диний ишенимдерин күч менен таңуулоосу, башка ишенимдерди жана социалдык системаларды кабыл албай, зомбулукка баруу аракети түшүнүлөт. Кээде ал диний алкактан чыгып, куралдуу кол салуу, саясий талаптар менен да коштолот.
Кыргызстан диний экстремизмдин алгачкы олуттуу коркунучуна 1999 – 2000-жылдардагы Баткен окуяларында туш болду.
“Өзбекстан ислам кыймылы" радикалдык тобунун согушкерлери Кыргызстандын түштүк аймагына чек араны бузуп кирип, жергиликтүү тургундарды барымтага алышкан. Диний-саясий негиздеги бул уюмдун башкы максаты Өзбекстандын бийлигине каршы күрөшүү болсо да, алар бул үчүн Кыргызстандын аймагын плацдарм катары колдонууга аракеттенишкен. Ал окуялардагы атышуу учурунда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган.
Аталган согуш Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн даярдыгы начар экенин көрсөтүп, диний экстремизмдин реалдуу коркунучун ачыкка чыгарган. Ошондой эле мамлекетке диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө ыкчам жана катуу чараларды көрүү зарылдыгын айгинелеген.
Эгемендик жылдары Баткен окуясынан тышкары да террористтик жана экстремисттик топтор жардыруу уюштурган, кол салган бир канча окуя катталды. Маселен, 2002-жылы 27-декабрда "Дордой" комплексинде жайгашкан "Оберон" базарында жардыруу болуп, тогуз адамдын өмүрү кыйылган. 2010-жылы 9-сентябрда Бишкектеги синагоганын аймагында жардыруу болгон.
2016-жылы 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагында жанкечти автомашина менен террордук чабуул коюлган.
Булар Кыргызстанда радикал топтор жасаганы айтылган кылмыштардын айрымдары гана.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун пикиринде, Кыргызстан эгемендик жылдардын башында диний саясатты кантип жүргүзүүнү билген эмес:
"Советтер Союзу динге бут тосуп, кордоп келген деп, эгемендиктин алгачкы жылдарында абдан эле эркиндик берип коюптурбуз. Анын натыйжасында жөнөкөй динди жайылтуудан тышкары, экстремисттик, террористтик идеяларды алып келген эмиссарлар, үгүтчүлөр да аралашып кеткенине бүгүнкү күнгө чейин өкүнөбүз. Ошолордун баары жайылып отуруп, Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнө чоң жоготууларды алып келип, мамлекеттин өсүшүнө олуттуу тоскоол болгону белгилүү".
Радикалдык уюмдардын ишмердигинин күчөшү, террордук топтордун кол салуулары бийликти бул жаатта катаал аракеттерди көрүүгө түртүп келди. Анын натыйжасында азыркы кезге чейин өлкөдө сот чечими менен 21 террористтик жана экстремисттик уюмдун ишмердигине тыюу салынды.
Бул уюмдарга тыюу салуу жараяны бир нече мезгилге бөлүнөт.
Кыргызстанда ишмердиги байкалган кооптуу топтор
Азыркы учурда да Кыргызстанда бир нече террористик жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалууда. Буга акыркы айларда эле укук коргоо органдарынын “Ислам мамлекети”, "Хизб ут-Тахрир" сыяктуу террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн кармаган учурларын мисал тартса болот.
Быйыл Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен резонанстуу окуя катталды. Ага байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды. Муну “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрү жасаганы айтылган. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.
Ошондой эле быйыл “Ислам мамлекети” уюмунун жактоочулары кармалган учурлар да болду. УКМКнын быйыл 14-июнда тараткан маалыматта булар айтылды:
“УКМК тарабынан “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун идеологиясын жигердүү пропагандалап, жаштар арасында террористтик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген көмүскө радикалдык топтун ишмердигине бөгөт коюлду.
Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында жалпысынан 15 адам кармалды. Алардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Топтун лидерлеринин бирин Ооганстандан келген “Ислам мамлекети” Эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармактан алыстан жалдап, анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террористтик аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган. Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды”.
Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттер жана глобалдык террордук уюмдардын ишмердиги, өзгөчө 2011-жылдан кийинки “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун активдүүлүгү Кыргызстандагы абалга олуттуу таасирин тийгизди. 2011-жылдан тарта 850дөн ашуун кыргызстандык Сирия жана Ирактагы согуш аракеттерине катышуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.
Тыюу салынган уюмдардын көбүнүн максаты мамлекеттик институттарды четке кагып, исламдык өлкө түзүү жана шарият мыйзамдарын орнотуу болгону менен коркунучтуу.
Талдоочулардын айтымында, радикалдашуу процесси жаштар арасында көп байкалат. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши, айрыкча, жаштар арасында жумушсуздуктун деңгээлинин жогору болушу, радикалдык уюмдардын пропагандасына алданууга шарт түзөт.
Ошондой эле көпчүлүк жарандардын, өзгөчө жаштардын, ислам дининин негиздери жөнүндө терең билимге ээ эместиги да алардын радикалдык идеяларга оңой эле азгырылып калышына алып келет. Диний маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев радикализмге бөгөт коюунун жолу катары заманбап диний агартууну көрөт:
“Биздин диний кызматкерлер ичинде сабаттуу имамдар аз. Намаз окуган, Куран окугандын баарын сабаттуу деп эсептей берсек болот. Бирок мамлекеттин диний саясатын, диндин ролун толук түшүнгөн диний кызматкерлер бизде аз. Мисалы, Түркиянын аймактарындагы имамдары менен сүйлөшсөңүз, саясатты да, динди да сонун кылып айтып берет. Биз да ошого умтулушубуз керек. Ал үчүн биз диний билим берүүнү реформалашыбыз зарыл. Медреселерди эмнени окутушубуз керектигин аныктап алышыбыз зарыл. Ал жерде светтик билимди да, диний билимди да беришибиз керек”.
Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттер жана глобалдык террордук уюмдардын ишмердиги, өзгөчө 2011-жылдан кийинки “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун активдүүлүгү Кыргызстандагы абалга олуттуу таасирин тийгизди. 2011-жылдан тарта 850дөн ашуун кыргызстандык Сирия жана Ирактагы согуш аракеттерине катышуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.
Террордук жана экстремисттик уюмдар өз идеяларын жайылтуу үчүн социалдык тармактарды жана интернетти активдүү колдонушууда. Бул болсо аны аныктоону жана алдын алууну татаалдаштырып келет.
“Диний негизде конфликт чыгып кетсе, аны токтотуу абдан кыйын болот. Мына, Сирияны өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Жаштарды бул жакка кой, Сирияда жихад жарыяланыптыр деп байбичелер да кетпедиби. Кыргызстандагы кемпирлердин Сирияда эмнеси бар? Баалуулуктардын кагылышуусу деген ушуга алып келет. Глобализациянын шартында маалымат тез эле тарайт. Мурдагыдай баракча таратып отурбайт, телефонго эле жөнөтүп коёт”, -дейт диний маселелер боюнча талдоочу Орозбек Молдалиев.
Кыргызстандын диний экстремизмге каршы күрөш стратегиясы өзгөчө 2010-жылдардан кийин ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасынын принциптерине таянуу менен жүргүзүлө баштады. Бул документтерде белгиленген. Ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы өзүнүн ийкемдүүлүгү, сабырдуулугу жана жергиликтүү каада-салттарга ылайыкташканы менен белгилүү. Бул тандоо Борбордук Азиядагы исламдын салттуу багытына кайтууну, радикализмге каршы күрөштө эффективдүү курал катары пайдаланууну көздөп жасалган.
Бирок бул бир катар сын-пикирлерге да кабылып келет. Кээ бир жамааттар, өзгөчө салафи сыяктуу агымдардын жактоочулары бийликтин ханафи мазхабын жана матуруди акыйдасын колдоосу, башкача айтканда, бир гана диний багытка артыкчылык берүүсүн туура эмес деп санашат.
Ошондой эле мамлекет радикализмге каршы диний сабаттуулукту жогорулатуу жана экстремизмдин алдын алуу максатында бир катар билим берүү программаларын демилгелеген. Буга мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилгенин, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча атайын курстар өткөрүлгөнүн, имамдар жана диний лидерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулуп жатканын мисал тартса болот.
Ошентсе да Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков экстремизге каршы күрөш оор экенин айтат:
"Диний экстремизмди жана терроризмди түп тамырынан жоюуга мүмкүн болбой жатат. Анткени маалымат жиберүүгө, экстремизмдин идеяларын таратканга бүгүнкү күндө технологиялык ресурстардын мүмкүнчүлүктөрү көп болууда. Булар ошону пайдаланып жатышат. Жеке эле Кыргызстан эмес, бизден да чоң, күчтүү державаларга кесепетин тийгизип жаткан учур. Бирок ошого карабастан, Кыргызстан акыркы 10 жылдан бери терроризм жана экстремизге каршы күрөшүүдө жакшы кадамдарды жасады. Алар бир нерсе кыла турган болсо, чечкиндүү ордуна коё турган шарттарды түздү. Экинчи жагынан, азыркы учурда кандай гана болбосун, диний кызматкерлер, теологдор экстремизге каршы күрөштө өздөрүнүн таасирдүү пикирлерин айтып, жардам берүүдө. Мындай иш 1990-2000-жылдары болгон эмес".
Мындан тышкары экстремизм жана диний радикалдашуу регионалдык алкакта да курч маселе бойдон калууда. Маселен, быйыл Москвадагы "Крокус Сити" борборундагы кандуу кол салуу боюнча Тажикстандын бир канча жараны камакка алынган. Аларга байланышы бар деген шек менен теги кыргызстандык орус жараны да кармалганы белгилүү. Орус баш калаасындагы бул чабуулга "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алган болчу. Борбор азиялыктар, өзгөчө тажик жарандары Европа өлкөлөрүндө жана АКШда да экстремизмге шектелип кармалган учурлар бар.
Миграция
Эгемендигинин 33 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстан үчүн дүйнөдөгү миграциялык процесстердин таасири чоң. Ушул тапта Орусиянын Украинадагы согушу, катаал эрежелер, тынымсыз рейддер, согушка тартуу аракеттери миңдеген кыргыз мигранттарын башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө мажбурлады. Алдыда миграциянын кандай көйгөйлөрүнө тушугабыз? Эмне өзгөрүүлөр күтүлөт? Ушул суроолорго жооп издейбиз.
Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы эл каттоосунда Кыргызстандын 1 млн 94,5 миң жараны эмгек миграциясында жүргөнү аныкталган. Бул сан жалпы калктын 15,8%, ал эми эмгекке жарамдуулардын 27,8% түзөт. Анын 80% чет өлкөдө, 20% өлкө ичинде жер которгондор.
Эл аралык миграция уюмунун 2023-жылы декабрда жарыялаган кырдаалдык отчетундагы маалыматка таянсак, кыргыз жарандарынын чет жактарга кетүүсүнө түрткү берген бир нече себептер бар. Алардын сап башында финансылык абалын жакшыртуу, жумуш табуу, үй-бүлөлүк шартын оңдоо сыяктуу жагдайлар турат.
Кыргыз жарандарынын чет жактарга чыгып кетүүсү бир жагынан “акыл көчүнүн” тобокелдигин жаратса, экинчи жагынан алардын мекенине бай тажрыйба жана заманбап билим менен кайтат деген үмүттү арттырат.
Арийне, Кыргызстан тышкы миграцияны пайдалуу өңүткө бура албай, көбүнчө тобокелдиктерге кабылып келет. Эл аралык миграция уюмунун ошол эле документинде кыргыз мигранттарынын билим сапаты бир кыйла жогору экени жазылган.
Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева 2023-жылы ноябрда Бишкекте өткөн Улуттук өнүктүрүү форумунда сүйлөп, билимдүү жана тажрыйбалуу жарандардын сыртка кетип жатышы адам капиталынын сапатына сокку болуп жатканын билдирген:
“Бир жагынан, өлкө сыртында иштеген адамдардын саны менен эсептелген кадрлардын жана билимдин көп чыгып кетип жатканы Кыргызстандагы адам капиталына терс таасир этерин көрсөтүүдө. Ошондой эле эмгек миграциясы квалификациялуу жумуш күчүнүн өнүгүшүнө өтө аз өбөлгө түзүп, жыйынтыгында өлкөнүн өндүрүштүк жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына да алып келет. Кыргыз жарандарынын эмгек миграциясынын убактылуу эмес, туруктуу агымга айланышынан улам, анын өлкөнүн адам капиталынын кыскарышына тийгизген таасири күчөйт. Жогорку билимге, көндүмдөргө жана квалификацияга ээ жарандардын өлкөнү таштап кетиши бул эффектти ого бетер курчутат. Сөз маалымат технологиялары жаатындагы адистер, инженерлер, агрономдор, дарыгерлер жана окутуучулар жөнүндө болуп жатат”.
Эл аралык миграция уюмунун эсептөөсү боюнча, 2020-2023-жылдар аралыгында өлкөгө 137 миңден ашуун мигрант кайтып келген. Анын 89% Орусиядан келгендер түзөт.
Уюмдун сурамжылоосу боюнча, кайтып келген мигранттардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк себептен улам келсе, 18% кайтуусуна Орусиядагы коопсуздук, мобилизация жана санкциялар түрткү болгон.
Мекенине кайткан эмгек мигранттарынын саны ар жерде ар башка айтылып жүрөт. Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров ушул жылдын июнь айында “Биринчи радиого” курган маегинде 2021-2022-жылдары чет өлкөлөрдөн 143 миң эмгек мигранты кайтып келгенин билдирген. Ошол эле тушта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында Эл аралык эмгек уюмунун жетекчиси Жильберг Унгбо менен жолугушуп жатып, өкмөт чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттардын санын 2020-жылдан бери 300 миңге азайта алганын айткан болчу.
Миграция боюнча адис Рахат Сагынбек мамлекет сыртта билим алып, тажрыйба топтогон квалификациялуу жарандарды мекенге алып келип пайдалуу нукка буруу чараларын күчөтүшү зарыл деп эсептейт:
“Көп жылдан бери эле мигранттардын которгон акчалары күнүмдүк керектөөлөргө сарпталып келген. Бирок миграция көп жылдан бери болуп жатат да. Ошондуктан көбү күнүмдүк керектөөлөрүнө жумшап, үй куруп, үй-бүлөлүк абалын жакшыртып жашап көнүп калышкан. Кээ бирлери тапкан акчасына бул жакта киреше алып келе турган ишканаларды ачышты. Бул аябай кубандырат. Себеби биздин жашообузду жакшыртты, бакты. Кийинки муундарга билим берди. Бирок башка жагынан карасаң, азыркы учурда жаштардын арасында миграция чет өлкөгө барып, акча таап, үй курууну эмес, ал жакта жашап калууну көздөгөндөр көп болуп баратат. Ошол бир аз кооптондурат. Андыктан биздин мамлекет катары эң негизги максатыбыз – бул муундарды жоготпошубуз керек. Алар чет өлкөгө окуп барып, бирок кайра келүү максатын коюшу керек. Бул үчүн эмне кылуу зарыл? Шарттарды жакшыртып, кыргызстандык өтө жогорку квалификациялуу адистерди кайра келтирүү, мамлекетти өнүктүрүү программаларын түзүү керек”.
Ушул күндөрү кыргыз өкмөтү экономикада эбегейсиз ийгиликтерге жетишип жатканын айтып, “Отуз жылга тете үч жыл” деп ураан салып турат. Албетте, соңку жылдары экономикада акчанын массасы көбөйүп, киреше батыраак өсүп жатканы талашсыз. Ошол эле маалда экономикалык активдүү калктын үчтөн бири (1/3) чет элде эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жатканы, алардын кирешеси ички дүң өндүрүмдүн төрттөн бир бөлүгүн (1/4) түзөрү да айкын. Мунун кыныгын алган саясатчылар кээ-кээде кыргыз жарандарын миграцияга "эшелондоп жөнөтүүнү" да демилгелеп турат.
Улуттук банк менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап көрсөк, мигранттардын тапкан каражаты Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасир тийгизип келет. Алардын мекенине которгон акчасынын көлөмү өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 1/3ине чейин жетет.
Бул каражаттар калктын үй-бүлөлүк кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карасак, бул көрсөткүч өлкөнүн түштүк облустарында үй-бүлөлүк кирешенин 20 пайызынан тарта 1/3 бөлүгүнө чейин жетет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева мигранттардын тапкан кирешелери өлкөнүн финансылык маселелерине кол кабыш кылып, үй-бүлөлүк утурумдук чыгымдарына тыгынчык болуп жатканына көңүл бурат. Ошол эле маалда алардын кирешеси алыскы келечекке жана адам капиталын өстүрүүгө инвестицияланбай жатканын белгилейт:
“Бүгүнкү күндө эмгек миграциясынын оң жагы катары финансылык капиталдын өсүшүн айтсак болот. Өлкө адам капиталын жоготуп жатканына карабай, өзүнө финансылык капиталды алып жатат. Бул финансылык капитал өлкөгө акча которуулар түрүндө келүүдө жана үй чарбаларынын кирешесин өстүрүп жатат. Кыргызстан бүгүн акча которуулар боюнча дүйнө чемпиондорунун бири болууда. Көптөгөн изилдөөлөрдүң жыйынтыктары көрсөткөндөй, мигранттардын акчалары негизинен керектөө максатына жумшалууда. Аз гана бөлүгү Кыргызстандагы инвестициялык иштерге колдонулат. Бүгүнкү күндө мигранттардын акча которуулары Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга жардам берип жатат. Бирок акча которуулар толук кандуу натыйжа бере тургандай болуп колдонулбай келет. Тилекке каршы, адам капиталына кайра инвестицияланбай жатат. Көп мигранттар билим алууну зарылдык катары көрүшпөйт. Мындан улам алыскы келечекте алардын акча которуулары кыска мөөнөттүү же минималдуу гана натыйжа бериши мүмкүн”.
Ал эми чейрек кылымдан ашык убакыттан берки миграциянын кесепети, үй-бүлө институтуна таасири өзүнчө чоң сөз.
Мындан тышкары кыргыз экономикасынын мигранттарга ашкере көз каранды болушунун жана миграциянын негизинен бир өлкөгө байланып калышынын тобокелчилигин эскерткендер да жок эмес.
Адам укуктары жана эркиндик
Кыргызстан эгемендик алгандан бери Борбор Азиядагы “демократия аралчасы” деп аталып келди. Буга адам укуктары, сөз эркиндиги, пикирлердин плюрализми, тынч чогулуулардын эркиндиги, саясий жана диний ар түрдүүлүк жаатындагы карманган позициясы негиз болгон. Азыр да чөлкөмдөгү коңшуларга караганда демократиялык баалуулуктар бир кыйла жогорку деңгээлде сакталып келет. Бирок соңку жылдардагы тенденция “демократия аралчасындагы” абалдын токтоосуз начарлап баратканын көрсөтүүдө.
Анткен менен бийлик Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол берилбей турганын билдирүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчы сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика - эгемендиктин өзөгүн түзө турганын кошумчалады.
“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтаар элем”, - деди президент.
Economist Intelligence Unit уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын абалын талдап турат. Анын талдоосун карасак, Кыргызстанда демократиянын абалы Борбор Азия чөлкөмүндө салыштырмалуу сыймыктанарлык деңгээлде сакталып келет. Анткен менен соңку жылдары демократиялык баалуулуктардын жолу барган сайын кууш болуп баратканына тынчсыздангандар бар.
Рейтингге дүйнөнүн 165 өлкөсү катышат. Демократия индекси шайлоо процесси жана плюрализм, өкмөттүн ишмердиги, саясий жашоого катышуу, саясий маданият жана жарандык эркиндик категорияларында 0-10 чейинки шкала менен бааланат. Өлкөлөр алган упайына карап “толук демократия”, “кемчиликтүү демократия”, “гибрид режим” жана “авторитардык режим” деген төрт режимге бөлүнөт.
Укук коргоочу, Freedom for Eurasia уюмунун жетекчиси Лейла Назгүл Сейитбек Кыргызстан укуктарды басмырлаган, эркиндикти чектеген өлкөгө айланып баратканын айтат:
“Кыргызстан ири жер байлыктарына ээлик кылбайт. Өлкөнүн башкы ресурсу – бул адам. Ошондуктан мамлекеттик саясат адамды, анын потенциалын, активдүүлүгүн жана демилгесин өнүктүрүүгө багытталышы кажет. Бирок эркиндикти басмырлоо шартында мындай өнүгүү мүмкүн эмес. Бул көз караштан алганда, бийликтин жеке менчикке кол салуусу жана ишкердик эркиндигин басмырлоо өңдүү кооптуу тенденция жүрүүдө. Биз азыр бизнести рейдерлик жол менен тартып алган көптөгөн окуяларды көрүп жатабыз. Жапырт түрдө улутташтыруу болуп жатат. Мындай жол менен ишкерлер социалдык тайпа катары жок кылынып жатат, жеке менчик институт катары тепселенүүдө. Бул өлкө үчүн бир кыйла оор кесепеттерди алып келет. Эң коркунучтуусу – Кыргызстан полиция өлкөсүнө айланып баратат. Бизнес капиталын коңшу Казакстан менен Өзбекстанга чыгарып кетүүдө. Адам укуктары боюнча ар дайым Кыргызстандан начар абалда болуп келген Өзбекстанда коррупция бийик деңгээлге чыккан. Бирок кыргыз бизнеси үчүн Өзбекстандагы ошондой шарттар деле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин администрациясы түзгөн абалга салыштырмалуу кыйла коопсуз болуп турат”.
Парламент 2021-жылы августта “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Жарандык коом менен бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип, бир топ каршылык көрсөтүшкөн.
Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. Бийлик койгон доомат эске алынбаса, анда басылманы биротоло жоюу чарасы көрүлөт.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөлүк басылма эркиндиги” индексинде Кыргызстан 2023-жылы 122-орунду ээледи. Андан мурунку жылы 72-орунда болчу. Индексте саясий, экономикалык, мыйзамдык, социалдык жана коопсуздук көрсөткүчтөрү бааланат. Баалоого дүйнөнүн 180 өлкөсү катышат.
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын апрель айында “Чет элдик өкүл” мыйзамына кол койду. Мыйзам чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандагы саясий процесстерге аралашуусуна чектөөлөрдү коёт. Арийне, жарандык коомдун өкүлдөрүн мыйзамда каралган “саясий ишмердик” деген тизме нааразы кылып келет. Ал тизмедеги иштерге баш салган уюм “чет элдик өкүлдөрдүн” реестрине катталууга милдеттендирилген.
Дүйнөлүк адилеттүүлүк долбоорунун (World Justice Project) жыл сайын жүргүзүп турган “Укук үстөмдүгү” индексинде Кыргызстандын абалы улам начарлап баратканын көрүүгө болот.
Рейтингде мамлекеттердеги адилеттүүлүк өкмөттүн укуктарын чектөө, коррупциянын жоктугу, ачык өкмөт, түпкү укуктар, тартип жана коопсуздук, мыйзам талаптарын сактоону камсыздоо, жарандык сот жана кылмыш соту деген 8 позициядан талданат.
Уюмдун талдоосуна ылайык, 2016-жылдан тарта дүйнө боюнча укук үстөмдүгү жаатындагы абал начарлап келет. Ошондон бери дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде жарандар негизги укуктарынан ажырап калышкан. Мунун ичинде Кыргызстан да бар.
Саясат талдоочу Эмил Жороев жаркын келечекке умтулган мамлекет өз жарандарын чектебей, экономикалык кирешелер менен жубатпай, алардын бекем ишенимин жаратышы зарыл деген пикирин билдирди:
“Түбөлүктүү, туруктуу, узакка умтулган мамлекет куруу идеясында, менимче, адамдардын коз карашы, баалуулуктары өтө чоң мааниге ээ. Аны экономикалык жетишкендиктерге же элдин баары бир ооздон бийликтин башындагыларды колдоп калуусу менен ченелиши өтө кыйын. Ушундай калың эл колдогон, маанисине жеткен жана мамлекетим деп тик туруп калышы үчүн ошол адамдардын эркин ойлонуусу, өздөрүнүн эркин түшүнүгү, ишеними менен берилүүсү өтө зарыл. Андай абал адам укуктары, саясий жана жарандык эркиндиктер менен гана күчтүү болушу мүмкүн”.
Соңку жылдары Бишкектин борбордук аянтында, дагы бир катар район-шаарларда тынч митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынып келет. Саясий акцияларга чыккандар менен бийликке үнүн жеткирүү үчүн митингге чыгууга чакырган активисттерге катаал чаралар колдонулуп, алды абакта отурса, арты чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушууда.
2021-жылдан бери ондогон саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер жана блогерлерге “массалык башаламандык уюштуруу” жана “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” беренелери менен кылмыш иштери козголду.
Фридом Хаус уюмунун рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдан бери “эркин эмес” деген макамда турат. Ага чейин “жарым-жартылай эркин” өлкө катары бааланып келген. Өзгөчө саясий укуктар кескин чектөөлөргө дуушар болгон.
Укук коргоочу, Freedom for Eurasia уюмунун жетекчиси Лейла Назгүл Сейитбек бир кыйла эркин коомдо туулуп-өсүп калган жаш муун чектөөлөргө негизденген башкарууну кабыл ала албастыгын айтат. Эксперт авторитардык режимдин күчөшү менен адилетсиздиктин күчөп кетиши Кыргызстанды оор кесепеттерге тушуктурат деп эскертет:
“Орусиянын Украинага карата агрессиясы демократиялык өлкөлөрдүн каршылыгын жаратты. Санкциялар салынды. Бул экономикалык жактан Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинен Кыргызстанга да олуттуу таасир кылды. Орусия бүткүл Борбор Азияда колдоого ээ болуш жана чөлкөм аркылуу өз максаттарына жетиш үчүн таасирин күчөттү. Орусиянын күчөп бараткан таасири келечекте Кыргызстан үчүн көп кесепеттерди алып келет. Муну менен катар, келечекте Кыргызстан калкынын радикалдашуу коркунучу бар. Жарандардын укуктары менен эркиндиги ашкере чектөөгө туш болгондо жана адамдарга адилеттикти бербей койсо, көпчүлүк эл радикалдашып кетет. Бул өлкөнүн өнүгүү перспективасы үчүн абдан кооптуу. Анткени киши адилеттикти таба албаса, ал аны убада кылган башка кишилердин тобун издей баштайт. Мындан кетүү керек, бирок куугунтуктоо же репрессиялар аркылуу эмес, өз элине карата мыйзамдуу жана адилет мамиле аркылуу кетүү зарыл”.
Бийлик өкүлдөрү кайсы бир эркиндиктердин чектелишинин "туруктуулукту камсыз кылуу", "тартипти орнотуу", "жоопкерчиликти күчөтүү" сыяктуу жүйөлөр менен түшүндүрүп келет.
Маселен, президент Жапаров быйыл март айында "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандардын тарапкерлеринин Аксы, Нарын жана Таластагы айылдарда өткөн акциялары тууралуу пикирин билдирип, “мурдагы заманды эңсеп, митингге чыккандар болсо катуу чара көрүлөрүн” эскерткен.
“Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп, качып же жашынып отуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз", - деп айткан Жапаров.
Кантсе да ошол эле Фридом Хаус уюмунун “Демократия макамы” рейтинги боюнча, Кыргызстан 2017-жылдан бери “консолидацияланган авторитардык режим” деп бааланып келет. 2021-жылдан бери бул көрсөткүч тынымсыз төмөндөөдө.
Мында мамлекеттер демократиялык башкаруу, шайлоо процесси, жарандык коом, эркин медиа, жергиликтүү башкаруунун эркиндиги, сот системасынын эркиндиги жана коррупция сындуу демократиянын жети көрсөткүчү боюнча бааланган.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү, Орусия, Беларус жана Азербайжандан бир кыйла жогору деңгээлде турат. Арийне, Чыгыш Европа жана Кавказ чөлкөмдөрүнүн 22 өлкөсүнөн ат чабым алыста калган.
Климат жана экологиялык коопсуздук
Климаттын өзгөрүшү - дүйнө элинен чукул чара көрүүнү талап кылган глобалдык көйгөй. Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда сел, суу ташкын, жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө өңдүү табигый кырсыктар, адаттан тышкаркы аптап, кургакчылык өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө чоң сыноо болууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Аймагынын 90% деңиз денгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан. Асман мелжиген тоолорду аралап аккан 30 миңдей дарыясы жана 1900дөн ашуун көлү бар. Климаты – кескин континенталдык, жыл ичи 250 күндөй күн тийет. Геологиялык жактан татаал рельефи бар, сейсмологиялык активдүүлүгү жогору аймак. Андыктан республиканын бардык аймагында кооптуу табигый процесстер байкалат.
Кыргызстанда соңку 20 жылда абанын орточо температурасы 4.8 градустан (Цельсий) 6 градуска чейин жогорулады. 2060-жылга чейин бул көрсөткүч 2 градуска, ал эми 2100-жылы 4-6 градуска жетет деген илимий божомол бар. Абанын ысышы мөңгүлөрдүн эришине жана суу балансынын бузулушуна түрткү болууда.
Өлкө калкынын төрттөн үч бөлүгү тоо этектеринде же суу бойлой жашагандыктан климаттык жана техногендик өзгөрүүлөргө көп дуушар болот. Тоолуу өрөөндөрдө жер көчкү жүрүп, сел каптап, тоодогу көлдөр жырылып кеткен учурлар арбын. Ал эми жаан-чачын аз жылдары суу тартыш болуп, кургакчылык каптап, анын зыянын айыл чарбасы тартат.
Бул өзгөрүүлөр улуттук экономикага жана калктын жашоо-турмушунуна таасир этүүдө.
Экологиялык миграция
Экологиялык мигранттар — климаттын өзгөрүшүнөн жана анын таасиринен улам пайда болгон табигый шарттардан улам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон тургундар.
Өлкөдөгү ички жана сырткы миграцияга шыкак болгон жагдайдын бири дагы ушул фактор. Жер көчкү менен сел тоолуу аймактарда, өлкөнүн түштүк райондорунда көп катталгандыктан адамдар жер которууга мажбур. Жер кыртышы бузулуп, жайлоодо чөп өспөй, айдоо аянттары түшүм бербей калганда элдин жашоо-шарты начарлайт.
Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүндө 2050-жылга чейин Борбор Азияда климаттын айынан жер которгон мигранттар 2.5 миллионго жетет. “Борбор Азияда кургакчылык күчөп, чөлкөмдөгү айыл чарбасына өз кесепетин тийгизет. Алдыдагы жылдары жер кыртышы жараксыз абалга жетип, мөңгүлөр эрип, табигый кырсыктар көбөйгөнүнө күбө болобуз”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын баяндамасында.
Эл аралык миграция уюмунун маалыматына таянсак, 2050-жылга карай Кыргызстанда 200 миң киши экологиялык мигрантка айланат. Уюмдун баяндамасында карапаым калкты миграцияга түрткөн экономикалык факторлордун артында экологиялык себептер турганы белгиленет. Докладда элдин жашоосу айыл жана мал чарбасы сыяктуу тармактардан көз каранды экени, алар болсо климаттык өзгөрүүлөргө туруштук бере албай турганы айтылат.
Адистер экологиялык миграцияга дуушар болчу аймактарды аныкташкан: Ош жана Жалал-Абад облустарынын калкы жер көчкү менен суу ташкындан көп жабыркап, үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болууда. Нарын жана Ысык-Көл облустарын барган сайын кургакчылык каптап, бузулган жер кыртышы айыл чарбасын алсыздандырып, суу тартыштыгы күчөйт. Алай өрөөнү сыяктуу бийик тоолуу жерлерде климаттын өзгөрүүсүнөн улам табигый кырсыктар көп кайталанып жатканы байкалат.
Мөңгүлөр азайып баратат
Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес.
2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Бүгүнкү күндө 9959 мөңгү бар. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан. Ири муз катмарлары дагы ушул аймактарда. Мындан тышкары Алай тоо кыркасында да мөңгүлөр көп. Мөңгүлөрдүн Кыргызстандын сууларындагы үлүшү жай мезгилинде 50-70% чейин жетет. Бул сандар Кыргызстандагы табигый байлыктын Борбор Азиядагы ролунан даана кабар берет.
Булганган абанын азабы
Кыргызстанда абанын булганышы - курч маселе. Бишкек, Ош, Жалал-Абад өңдүү ири шаарларын кыш түшкөндө көк түтүн каптайт. Соңку жылдары Бишкек дүйнөдө абасы булганган шаарлардын катарына чыкты.
Адистердин эсебинде, атмосферага чыккан зыяндуу газдардын эң көп үлүшү жылуулук электр станцияларына (67%), кайра иштетүүчү ишканаларга (27%) жана тоо-кен өндүрүшүнө (6%) туура келет. Бул үч сектор абаны булгаган уулуу заттардын 94,4% жакынын бөлүп чыгарат.
Бишкек менен Оштун абасын негизинен жылуулук электр станциялары жана автотранспорттон чыккан түтүн булгайт.
Абанын жана суунун булганышы адамдын саламаттыгы үчүн кооптуу фактор болуп калды. Дарыгерлер өпкөнүн өнөкөт илдети, жүрөктүн кемтик оорусу, дем алуу органдарынын дарттары белгилүү бир деңгээлде абанын жана суунун булганышына байланыштуу экенин белгилешет.
Жер кыртышы бузулуп, жайыттар такырга айланды
Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен-байлыктарды казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат.
Ондогон жыл мурда жайыттар өлкөнүн жалпы аймагынын 50% ээлеп турса, cоңку беш жылда эле алардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миллиондой баш ири мүйүздүү мал, 6 миллиондон ашуун кой-эчки жана жарым миллиондун тегерегинде жылкы каттоого алынган. Төрт түлүк баккандар негизинен Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында басымдуу.
Айдоо аянттарын майнапсыз пайдалануу жер кыртышынын деградациясына жеткирди. Айыл чарбасына жарактуу кыртыштын 88% эрозиядан, шордон улам мурдагыдай мол түшүм бербей калды.
Өлкөдө 1.2 миллиондой киши жер кыртышы бузулган аймактарда жашагандыктан, бул тамак-аш тартыштыгына жана жакырчылыктын жайылышына жеткирерин адистер эскертишет.
Биотүрдүүлүк азайып баратат
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда 26 500дөй түрдүү өсүмдүк, жан-жаныбар, вирус-бактерия жана башка тирүү организмдер кездешет.
Мамлекет жаратылышка кам көрүүгө бюджеттен жарым пайызга жетпеген (0,12%) акча бөлөт. Бул каражат экосистеманын деградациясын токтотууга, жайлоолорду калыбына келтирүүгө, токойлорду кеңейтүүгө, жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн камкордукка алууга жетишсиз.
Кыргыз өкмөтүнүн биотүрдүүлүктү сактоо багытындагы маалыматы чеке жылытат. Соңку алты жылда коруктардын аймагы 14 эсе көбөйгөн. Үч миң гектарга чукул аянтка грек жаңгагы тигилди. Коңшу өлкөлөр менен өзгөчө корголгон төрт корук түзүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал аймактарда илбирс, кулжа жана марал сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар коргоого алынат.
Жаңы милдет, жашыл экономика
Эли негизинен айыл жана мал чарбасы менен алектенген өлкө бийлигинин алдында жаңы табигый шарттарга ыңгайлашуу жана ага жараша аракеттерди аныктоо милдети турат. Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүп, кайра калыбына келчү энергия булактарын көбөтүү максатын койгон.
Эл аралык коомчулуктун алдында 2030-жылга чейин калыбына келүүчү энергиянын көлөмүн үч эсе көбөйтүү милдетин алган. Мындан үч жыл мурун президент Садыр Жапаров Глазгодогу глобалдык климаттык саммитте Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын жарыялаган. Бул үчүн өнөр жай менен турак-жай сектору көмүрдөн толук баш тартып, электр энергиясы менен камсыздалат. Бул максатта 10го чукул кичи жана орто гидроэлектр станциялар курулуп жатканына токтолгон. Жапаров өнүккөн өлкөлөрдү бул тармакка инвестиция салууга чакырып, ансыз Кыргызстан жашыл экономикалык өнүгүүгө жетише албай турганын белгилеген.
Климаттык каржылоо борборунун мурдагы директору Дастан Абдылдаев бул багытта бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканын "Азаттыкка" айтып берди:
"Жашыл климаттык фонд каржылаган 10 миллион долларлык долбоор иштеп жатат. Бул каражат грант менен берилгени кубанарлык көрүнүш. Ошол фонд каржылаган 50 миллион долларлык дагы бир долбоор бар. Ал эми жакында ишин баштаган дагы бир 10 миллион долларлык долбоорду Адаптациялык фонд колдоду. Мунун баары грант. Негизги максаттары - айыл чарбасын калыбына келтирүү, токой чарбасына жардам берүү, жайыттарды калыбына келтирүү жана элет жериндеги туруктуулуккту камсыздоо. Бул мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү. Андан тышкары транспорт, энергетика тармагында кошумча иштер аткарылып жатат".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Адистердин эсебинде, жашыл энергетика 2050-жылга чейин глобалдык алкакта жалпы керектөөнү болжол менен 80% кыскартат. Дүйнөдө эки милиарддай киши электр жарыгы менен камсыздалат. Ошол эле маалда 2,5 миллион кишинин өмүрүн узартууга өбөлгө болмокчу.
Дүйнөнүн бир топ жеринде күн нурунан же шамалдан алынган энергия эң арзан айланууда. Жашыл энергетика инвестиция тартууда жана жаңы иш орундарын түзүүдө маанилүү тармакка айланып, эл аралык кызматташтыкка жана атаандаштыкка өбөлгө болууда. Ага жетишүү үчүн чечкиндүү саясий аракет жана технологиялык инновация талап кылынат.