Каирде Газадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Хан-Юнистеги израил армиясынын аба соккусунун кесепети. Газа.

Каирде Газадагы ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби 26-августта билдирди. Маалыматка караганда, талкуулар алдыдагы күндөрдө бир нече суроону тактап алуу максатында жумушчу топтун деңгээлинде уланат.

Журналисттердин суроолоруна виртуалдуу брифингде жооп берип жатып Кирби сүйлөшүүлөр ишке ашпай калганы тууралуу кептерди четке кагып, тескерисинче "конструктивдүү" болгонун белгиледи.

Ал кошумчалагандай, жумушчу топ чече турган маселелердин бири туткундарды айырбаштоонун айланасында болууда. Кирбинин айтымында, айырбаштала турган туткундардын саны, алардын тек-жайы жана бошотуу ыргагы такталышы керек.

АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен жүргүзүлүп, канча айдан бери бир токтоп, бир уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек.

Талкуулардын соңку айлампасы аймактагы эскалациядан улам үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Өткөн аптанын соңунда "Хезболла" (ливандык террордук топ) Израилге жүздөгөн ракета жана дрондор менен чабуул койду. Ал эми ЦАХАЛ Ливандын аймагына 100дөн ашуун бомбалоочу учак менен сокку урганын билдирди.
Кирби бул чыңалуу сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизбегенин билдирди.

Израилдин Газадагы аскердик операциясын баштоосуна ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Жоочулар Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Он бир айга аяк баскан согушта Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда 40 миңден көп адамдын өмүрү кыйылды. Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта учурда тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курч болуп турат.

Дагы караңыз

Максүтов эгемендик күнү ырдай турган орусиялык артисттер тууралуу комментарий берди Украина: Орусиянын мейманканага соккусу төрт адамдын өмүрүн алдыУлуттук банк чектөөлөрдөн кийин жаңы өнөктөштөр изделип жатканын билдирди