Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Максүтов эгемендик күнү ырдай турган орусиялык артисттер тууралуу комментарий берди


Алтынбек Максүтов
Алтынбек Максүтов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурулган концертте ырдай турган орусиялык ырчылар тууралуу комментарий берди.

Ал 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кыскача маегинде орусиялык ырчылардын тобу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата келип, ырдап берүү тууралуу өздөрү демилге көтөргөнүн айтты.

“Азыр Фейсбук же башка соцтармакта отуруп алып, “Бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз” деп аткандарга айтарым: “Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук” деп айтпайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсыл ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле? Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коелу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет”, - деди ал.

Социалдык тармактарда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурула турган концертте Орусиянын ырчыларынын келип ырдашына каршы пикирлер айтылууда. Интернет колдонуучулар “жакын кошунасына кол салган өлкөнүн ырчыларын эгемендик күнүндө концертке катыштыруу туура эмес” деп, майрамдык иш-чарага жергиликтүү ырчы-чоорчуларды, кошуна мамлекеттердин шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырууну сунуштап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 31-августта эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтындагы концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.

Михайлов жана Киркоров Орусиянын "Украинадагы атайын операция" деп атаган согушун колдоп чыкканы белгилүү.

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков алар Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесин куттуктап келгени жатышканын, гонорар төлөнбөй турганын айтты. Алардын жатаканасына жана тамак-ашына гана каражат кетерин кошумчалады.

31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында шоу-концерт өтөт.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирип, АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келе баштаган.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Былтыр июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG