Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:15

Украина: Орусиянын мейманканага соккусу төрт адамдын өмүрүн алды


Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын соккусунун кесепети. 27-август, 2024-жыл. Украина.
Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын соккусунун кесепети. 27-август, 2024-жыл. Украина.

27-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына абадан жапырт чабуул коюуну улантты. Соккулардын бири Днепропетров облусуна караштуу Кривой Рог шаарындагы мейманканага тийип, кеминде төрт адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Дагы бир нече кишинин дайыны табылбай жатат.

Облус губернатору Сергей Лысак Телеграм-каналы аркылуу билдиргендей, чабуулдун жыйынтыгында төрт көп кабатуу имарат жана дүкөн жабыркады.

Андан тышкары Запорожье облусунда эки адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Баш калаа Киевге чабуул койгон 15 дрондун баарын абадан коргонуу системасы жок кылганын шаар администрациясы маалымдады. Учкучсуз аппараттын калдыктары түшкөн токой чарбада өрт тутанганы белгилүү болду.

Украинанын Аба күчтөрү 27-августтун таңында жалпысынан 60тай дрон жана беш ракета атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

26-августта дагы орус армиясы Украинанын аймагына 200дөн көп дрон жана ракета менен жапырт чабуул койгон. Жыйынтыгында жети киши набыт болуп, энергетикалык инфратүзүмдөр жабыркаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский союздаштарды "батыл чечимге" барып, Киевге Батыштын куралы менен Орусиянын аймактарындагы аскердик турумдарга сокку урууга уруксат берүүгө чакырды.

АКШ президенти Жо Байден 26-августта Украинага жасалган жапырт чабуулду "акылга сыйгыс" деп сынга алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүдө Украинанын энергетикалык обьектилерине жапырт сокку урганын моюнга алган.

Чабуулдар украин армиясы Орусиянын Курск облусунда ондогон айыл-кыштактарды өз карамагына алып, аскердик операциясын улантып жаткан маалда болууда.

XS
SM
MD
LG