Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырып, ал 27-августта күчүнө кирди. Мекеме эсептик ченди май айында 11 пайыздан 9% чейин түшүргөн. Өлкөнүн негизги банкы Кыргызстанда инфляциялык көрсөткүч төмөндөп, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын август айында 3,6% түзгөнүн кошумчалады.
Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.
2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө кармалып келаткан эсептик ченди Улуттук банк 30-апрелде 11% түшүргөн.
Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.
Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)
Дагы караңыз
Академик Илгиз Айтматов дүйнө салдыИнтернетте орусиялык ырчылардын Эгемендик күнүндө ырдашына каршы пикирлер айтылууда Бишкек жылуулук электр борборуна 180 миң тонна көмүр ташылып келдиАКШ Ирандын "жаңы сүйлөшүүлөр" сунушу боюнча пикирин билдирдиОрусиянын эң ири мунай заводдорунун биринде өрт чыктыШольц Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүн күчөтөрүн айтты