Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды


Илгиз Айтматов.
Илгиз Айтматов.

Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди.

Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.

Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.

2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Илгиз Айтматов 2008-жылы каза тапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси. (BTo)

XS
SM
MD
LG