Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Интернетте орусиялык ырчылардын Эгемендик күнүндө ырдашына каршы пикирлер айтылууда


Ырчы Филипп Киркоров Крымга арналган концертте. Лужники стадиону, Москва.
Ырчы Филипп Киркоров Крымга арналган концертте. Лужники стадиону, Москва.

Социалдык тармактарда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурула турган концертте Орусиянын ырчыларынын келип ырдашына каршы пикирлер айтылууда. Интернет колдонуучулар «жакынкы кошунасына кол салган өлкөнүн ырчыларын эгемендик күнүндө концертке катыштыруу туура эмес» деп, майрамдык иш-чарага жергиликтүү ырчы-чоорчуларды, кошуна мамлекеттердин шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырууну сунуштап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 31-августта эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтындагы концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.

Стас Михайлов жана Филипп Киркоров Орусия "Украинадагы атайын операция" деп атаган согушту колдоп чыкканы белгилүү.

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков алар Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесин куттуктап келгени жатышканын, гонорар төлөнбөй турганын айтты. Алардын жатаканасына жана тамак-ашына гана каражат кетерин кошумчалады.

31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында шоу-концерт өтөт.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирип, АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келе баштаган.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Былтыр июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG