Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Бишкек жылуулук электр борборуна 180 миң тонна көмүр ташылып келди


Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” участкасынан 180 миң тонна көмүр ташылып келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Ошондой эле “Д” маркасындагы 250 миң тонна көмүрдү импорт кылуу жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен 520 миң тонна Кавак көмүрүн алып келүүгө тендер жарыяланган.

Бишкек ЖЭБине 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине 1 млн тонна көмүр, 110 679 млн куб газ жана 8 000 тонна мазут керектелери айтылды. Ушул тапта ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.

Министрлер кабинети быйыл Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG