Газа боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр да натыйжасыз аяктады

Израил аскерлери Газа секторунда.

Газа секторунда Израилдин жана ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) дээрлик 11 айдан берки согушун токтотуш үчүн атышууну убактылуу токтото туруу жана барымтадагыларды бошотуу келишими боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаганын америкалык булактарга таянып дүйшөмбүдө AP агенттиги жазды.

Египеттин борбору Каир шаарында жогорку кызматтагы адамдардын катышуусу менен өткөн жолугушуу 25-августта аяктаганы, эми ортодогу пикир келишпестиктерди талкуулоо үчүн андан төмөнүрөөк кызматтык деңгээлдеги өкүлдөрдүн сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрү уланары белгиленди. АКШ делегациясынын айрым өкүлдөрү Каирде калганы, алар Катардын жана Египеттин ортомчулары менен сүйлөшүү жүргүзөрү маалымдалды.

Газа боюнча соңку сүйлөшүүлөргө АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Израилдин Чалгын кызматынын (“Моссад”) башчысы Дэвид Барни катышкан. ХАМАСтан эч ким барган эмес.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

"Аба жетпей калды деп суранган". Милиция кармаган жарандын өлүмү иликтенүүдөПавел Рубцов же Пабло Гонсалес. Журналистке айланган орус тыңчысыСот Руслан жана Исламбек Матраимовдорго 50 миӊ сомдон айып салдыКурск: Путиндин жообу кандай болот?