Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Сот Руслан жана Исламбек Матраимовдорго 50 миӊ сомдон айып салды


Исламбек жана Руслан Матраимовдор. Коллаж.
Исламбек жана Руслан Матраимовдор. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, камактагы Райымбек Матраимовдун туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдордун ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салынганын билдирди. Райондук соттун маалыматына ылайык, алар Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Айыпталуучулар тергөө маалында прокуратура менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүшкөн.

“Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин талаптарына ылайык, (Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо), адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат”, - деп айтылат маалыматта.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор тергөө абагынан качан чыкканы белгисиз.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду камакка алган. Бирок тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок. Алардын иши эмне себептен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна которулганы да беймаалым.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG