1-августта АКШ, Батыш менен "тарыхый айырбаштоо" деген жараяндын алкагында Европа абактарында отурган сегиз киши Орусияга кайтып келди. Алар үчүн Кремль 16 саясий туткунду бошотту. Путин өзү тосуп алгандардын арасында Польшада тыңчылыкка айыпталып камалган Пабло Гонсалес же Павел Рубцов да бар.
Орусиянын жана Испаниянын жарандыгын алган Гонсалес бир нече жыл бою журналист катары иштеген. Орус оппозициясынын ичине кирип, алар тууралуу маалыматты бийликке жеткирип турган. Паблонун орус паспортунда анын ысымы Павел Рубцов деп көрсөтүлгөн.
"Элдин ишенимине кирип алган"
Талаштуу Тоолуу Карабак аймагынан көчүрүлгөн этностук армян Армин ("Азаттык" радиосу коопсуздук маселесинен анын атын шарттуу түрдө Армин атады) Орусиянын президенти Владимир Путиндин айырбашталып, камактан бошонуп чыккан жарандарды кабыл алган учур түшүрүлгөн видеолорду бир нече ирет көрдү.
Ал орус жарандары арасында бир адамды - Тоолуу Карабакка, өзгөчө ал жерде чыңалуу күчөгөн маалда көп каттап турган испан журналистиy тааныды.
"Мен Пабло менен он жыл мурун таанышкам. Ал өзүн испаниялык журналистмин деп тааныштырган. Карабактын расмий өкүлдөрүнөн интервью алууну, анын тегерегиндеги жети районду кыдырып, жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүнү каалаган", - деди Армин "Азаттыктын" армян кызматына курган маегинде.
"Карабакта ал көптөр менен байланыш түзүп, аны алар жылуу кабыл алды. Кызык жери, адатта сырттан келгендерден шек санаган Карабактын бийлиги Паблодон эч кандай күмөн санаган эмес", - деп кошумчалады Армин.
Видеодон Армин тааныган адам - Пабло Гонсалес, испаниялык, орусиялык эркин журналист. Паблонун орус паспортундагы ысымы Павел Рубцов деп көрсөтүлгөн. Рубцов 2022-жылы Польшада Орусиянын аскерий чалгындоо кызматы үчүн тыңчылык кылган деген айып менен камакка алынган.
Армин - 2023-жыл, 19-сентябрдагы чабуулдан кийин этностук армяндар жашаган Тоолуу Карабакта Гонсалес менен жолукканы тууралуу "Азаттыктын" армян кызматына маек курган ондон ашык адамдын бири.
Алардын басымдуу бөлүгү Гонсалес эч кандай күмөн жаратпаганын айтышты. Ал журналист катары аймактагы согуштук аракеттер, Армениянын АЭСи тууралуу макалаларды жазган. Ошондой эле өз макамын пайдалануу менен Армениянын премьер-министринен интервью алып, "Жарандык келишим" бийликчил партиясынын штаб-квартирасынын ичин сүрөткө түшүргөн.
Алар 42 жаштагы Гонсалес чыр-чатакты чагылдырууга баш-оту менен киришкенин белгилешти.
"Ал согуштан такыр корккон эмес", - деди Гонсалес турган "Европа" мейманканасынын мурдагы директору Сергей Шахвердиан.
2022-жылы февраль айында Орусия Украинага толук масштабдуу чабуулун баштагандан бир нече күн өткөндөн кийин поляк бийлиги Гонсалести чек арага чектеш Пржемысль шаарында камакка алган. Бул шаар аркылуу согуштан качып, жүз миңдеген украиналык качкын өткөн. Польшанын контрчалгын кызматы Гонсалести "журналисттик кызматынан пайдаланып, Орусия үчүн иш жүргүзгөн" деп айыптаган.
Британиянын MI6 тышкы чалгын кызматынын башчысы Ричард Мур 2022-жылы Гонсалес "Украинаны дестабилдештирүүчү аракеттерге катышууга аракет кылган" жашыруун орусиялык тыңчы болгонун айткан.
Польшанын прокурорлору өткөн аптада Гонсалеске Польшага жана НАТОго “зыяндуу” маалыматтарды Орусиянын башкы чалгын кызматына жеткирип турган деген айып тагышты. Аны орус тарап өткөрүп алгандан кийин соттоого Варшаванын күчү жетпей калды. Польшанын бийлиги Гонсалеске тагылган айыптарды расмий түрдө ачыктабай келет. Журналисттик иликтөөлөр Гонсалес орус оппозициясынын активисттери менен ынак болуп, алар тууралуу маалыматтарды жеткирип турганын көрсөткөн.
Пабло Гонсалес менен 2020-жылдагы Тоолуу Карабак согушу учурунда таанышканын айткан армян фотографы Каро Саакян "Азаттыктын" армян кызматына ал жөнүндө "шектүү эч нерсе байкаган жокмун" деп айтты.
"Ал согуштан корккон эмес"
2020-жылдагы согуш маалында Гонсалес орус-украин фронту болуп кала турган жерден бир нече жүз чакырым алыстыктагы Азербайжандын азыркы Ханкенди (мурда Степанакерт деп аталчу) шаарындагы "Европа" мейманканасында баш калкалаган. Он миңдеген этностук армяндар менен бирге аймактан көчүрүлгөн мейманкананын мурдагы директору Шахвердиан “Азаттыктын” армян кызматына буларды айтып берди.
"Сиз аны башка бирөө менен адаштырбайсыз", - деди ал.
Шахвердиан Гонсалес испан жараны жана көз карандысыз журналист катары каттоодон өткөнүн, башка журналисттерден айырмаланып, ал согуш майданына тажрыйбалуу аскер адамындай шашыларын айтты.
"Ал бомба баш калкалоочу жайларга жашынган жок же жардыруудан корккон жок. Биз анын эрктүүлүгүнө баа бердик", - деди Шахвердиан.
Ал белгилегендей, Гонсалес "орусча абдан жакшы сүйлөчү".
Ал штаттан тышкаркы кабарчы катары иштеген АКШнын Конгресси каржылаган "Америка добушу" радиосу журналисттин чоң атасы Андрес Гонсалес бала кезинде үй-бүлөсү менен Испаниядагы жарандык согуш учурунда Советтер Союзуна качып кеткенин баяндаган. Гонсалес тогуз жашында жакындары менен мекенине кайткан.
Гонсалести тааныган армян жана чет элдик журналисттер аны шайыр, тамашакөй жана адам менен бат тил табышат деп сыпатташкан.
"Анда Карабактын символу катары таанылган Татик-Папиктин ("Чоң эне жана чоң ата") татуировкасы болгон", - деди сүрөтчү Сахакян «Азаттыктын» армян кызматына.
"Ал Карабактагы согушту жүрөгүнө жакын алып, татуировка тарттырганын айткан", - деген сүрөтчү Гонсалес аны менен англис тилинде гана сүйлөшкөнүн жана жалгыз иштегенди жактырарын кошумчалады.
Армениянын ички саясатын иликтөө
Гонсалес Армениянын ички саясий иштерине, өзгөчө Еревандын коңшулары менен болгон мамилесине да абдан кызыккан. 2020-жылдагы согуш учурунда ал Испаниянын EFE маалымат агенттигинин атынан Пашиняндан интервью алганга жетишкен. Бул Гонсалестин өкмөт башчысы менен болгон жалгыз бетме-бет маеги болгон. Пашиняндын кеңсеси жарыялаган 2020-жылдын октябрь айындагы интервьюнун стенограммасына ылайык, Гонсалес андан согуштун жүрүшү жана Москва Ереван менен болгон стратегиялык альянс боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн колунан келгендин баарын жасап жатабы деп сураган.
"Биз Орусиянын Армениянын стратегиялык өнөктөшү катары колдоосун сезип турабыз жана Орусиянын ортомчулук аракеттерин сезебиз. Биз бул арачылык аракеттерин аймакта туруктуулукту орнотуу жана тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү үчүн көрүп жатабыз", - деген Пашинян.
Гонсалес ошондой эле Пашиняндан Тоолуу Карабак менен Армениянын чек арасына эмне үчүн орус чек арачылары жайгаштырылып жатканын сураганын орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары жазган. Анын бул маселе боюнча Пашиняндан сураганы EFE баяндамасында да, Армения лидеринин кеңсеси жарыялаган стенограммада да камтылган эмес. Орусиянын мамлекеттик РИА Новости расмий стенограммасында жана EFE отчетунда интервьюнун бул бөлүгү жок экенин белгилеп, Гонсалес интервьюнун бул бөлүгүн өз кабарчысына көрсөттү деп маалымдады.
Тоолуу Карабактагы согуштан бир жыл өткөндөн кийин Гонсалес өзүнүн испан тилиндеги веб-сайтында жаңжал тууралуу жазган, андан кийин Арменияга кайра барып, 2021-жылдагы кезексиз парламенттик шайлоого күбө болгон.
Согуштан кийин армян оппозициясы жогорку даражалуу аскер кызматкерлери менен бирге Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышкан. Гонсалес ошол кездеги Армениянын саясий портретин чагылдырып, Пашиняндын башкаруучу “Жарандык келишим” партиясынын кеңселеринде сүрөткө түшүп, өлкөнүн экинчи президенти Роберт Кочарян өткөргөн маалымат жыйынына катышкан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы Гонсалес тууралуу өкмөтчүл жана оппозициячыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөштү. Тоолуу Карабактагылардан айырмаланып, бул чөйрөдө эч ким аны эстей алган жок.
Гонсалес дагы бир стратегиялык мааниге ээ болгон маселеге, Армениянын Метсамор атомдук электр станциясына жана анын Орусия менен энергетикалык кызматташтыгына токтолгон. Өзүнүн испан тилиндеги веб-сайтында Гонсалес атомдук электр станциясынын жайгашкан жери, анын реакторлорунун кубаттуулугу, иштеп жаткан реакторлордун саны жана объект үчүн орусиялык күйүүчү май менен камсыз кылуу тууралуу маалыматты камтыган макаласын жарыялаган. Анда Армения жаңы атомдук электр станциясын курабы жана кура турган болсо, Ереван келишимди дагы бир жолу Орусияга ыйгарабы деген маселе боюнча да сөз болгон.
"Кайрадан ишке киришет"
1-августтагы туткундарды алмаштырууда Пабло Гонсалести орус президенти Путин кызыл килемден жылуу кол алышып, тосуп алды. Аны менен кайтып келгендер арасында 2019-жылы Берлинде мурдагы чечен талаа командири Зелимхан Хангошвилинин өлтүрүлүшү үчүн соттолгон Вадим Красиков да бар.
Бир күндөн кийин Путиндин Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Орусия “биздин кесиптештерибизди мекенинде тосуп алды” деди.
"Алар азыр бир аз эс алып, кайра ишке киришет", - деп кошумчалады Нарышкин.
Быйыл 1-августта Батыштын бир нече өлкөсү Орусия менен абакта отурган жарандарды айырбаштады. Орусия жана Беларус түрмөлөрүндө отурган 16 кишини бошотуп, алардын ордуна Батыш өлкөлөрүндө камалган сегиз жаранын жана алардын биринин эки баласын кайтарып алды.