Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдо BMW унаасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерин коюп кеткен.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматына караганда, 26-августка караган түнү саат 3:00 чамасында Бишкек—Манас трассасында, Учкун айылынын туш ченинде унаалар катуу ылдамдыкта жарышып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Кызматкер жол эрежесин бузганы үчүн BMW M5 унаасын токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу токтобой, аны коюп кеткен. Жыйынтыгында инспектор жаракат алып, ооруканага кайрылган.
Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. 21 жаштагы айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага жол эрежесин бузганы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Автоунаасы айып токтотмого токтотулду. Иликтөө жүрүп жатат.
15-август күнү Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында дагы бир кызматкер Элистан Арзыбековду катуу ылдамдык менен бараткан автоунаа коюп кеткен. Милиционердин мээси чайкалып, катуу жаракат алган, жоон саны сынып кеткен. 17-августта санавиация менен Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалган. Иш ички иштер министринин көзөмөлүндө экени кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Ишкерлер УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө шек саналып кармалдыЫсык-Көл: Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга кенемте берилерин айтты Эл артисти Акан Нуртазин сот жообуна тартылдыДайынсыз жоголгон наристенин ата-энеси президентке кайрылдыСот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырдыУкраинанын бир катар шаарлары жапырт аба чабуулуна кабылдыTelegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү таратты