25-августта пакистандык жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобус кырсыкка учурап, андан кеминде 34 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында Иран өз аймагына киргизбей койгон 12 зыяратчы бар экенин Пакистандын бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Автобустун бири Пенжаб провинциясы менен Кашмирдин Пакистан башкарган аймагынын чегинде жайгашкан Азад Паттан шаарчасынын жанындагы коктуга түшүп кеткен. Анда 12 жүргүнчү набыт болгон.
Экинчи кырсык Белужистан провинциясындагы чоң жолдо болгон. Ирандын аймагына кире албай калган автобус жолдон чыгып, капчыгайга кулап кеткен.
Пакистанда жол кырсыктары көп катталат. Буга айдоочулардын даярдыгынын начардыгы, чоң жолдордо коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү себеп катары көрсөтүлүп келет.
Дагы караңыз
Пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев каза болдуЗолингендеги кол салуу: Сириялык качкын полицияга багынып бердиИзраил Ливанга сокку урду, "Хезболла" жүздөгөн ракета учурдуЧоң-Алайда памирлик кыргыздарга 10 үй курулдуОрусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды “Дарыгерлер психологго муктаж”"Биринчи айымга зомбулук көрсөткөн". Аргентинанын мурдагы президентине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды