Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына көчүп келген памирлик кыргыздарга 10 үй курулду. Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, турак үйдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендик майрамына карата тапшыруу пландалууда.
Маалыматка караганда, үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун тендердик баасы 82,9 млн сомду түзгөн.
Долбоор боюнча үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 10 турак үй курулат. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзүп, алты бөлмөдөн турат.
"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 95% бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда", - деп белгиленген маалыматта.
Буга чейин кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этностук кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.
2019-жылы Алай районунун Талды-Суу айылына этностук кыргыздар көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.
Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу. (КЕ)
Дагы караңыз
Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өстү Ысык-Көлдө селдин кесепетин жоюу иштери улануудаПакистандагы жардыруудан үч адам каза болуп, 18и жараат алдыЕБ украин аскерлерин машыктыруу планын талкуулайт