Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

ЕБ украин аскерлерин машыктыруу планын талкуулайт


Украин аскерлерин окутуу учуру.
Украин аскерлерин окутуу учуру.

Келерки аптада Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коргоо министрлери биринчи жолу жолугуп, аскерлерди Украинанын өзүндө машыктыруу боюнча ыктымал миссиянын планын талкуулашат. Бул тууралуу Германиянын Welt am Sonntag басылмасы Брюсселдеги булактарына таянып жазды.

Сүйлөшүүлөрдүн негизин Европанын тышкы байланыш боюнча кызматы даярдаган “Евробиримдиктин Украинадагы окутуу миссиясынын стратегиялык кароосу” деп аталган документи түзөт. Гезиттин колуна тийген документке караганда, Киевде он жөө аскерлер бригадасы түзүү көздөлүп жатат. Ага ылайык, 150 миңге жакын адам окуудан өтүшү керек. Аскерлерди Украинанын өзундө даярдоо тууралуу сунуштар документте каралбаганы менен, буга артыкчылык берилери белгиленген.

Документте аскерлерди Украинанын түндүк-батышындагы согуш талаасынан алыс жайгашкан атайын борборлордо окутуу сунушу камтылган. Украинанын чек арасына жакын коңшу өлкөлөрдө окутуу варианттары дагы жокко чыгарылган эмес.

Ошол эле маалда Европанын тышкы байланыштар кызматы Евробиримдиктин аскерлери Украинанын аймагында болгон учурдагы коркунучтарды дагы белгилейт. Документте "Орусиянын баллистикалык ракеталары жана учкучсуз учактары Украинанын ар кайсы аймагына багытталышы мүмкүн. Бул Евробиримдиктин аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдай жаратышы ыктымал" деп айтылат документте.

Киев аскерлерди Украинанын өзүндө окутуу боюнча адистерди жөнөтүү талабы менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелге 31-майда кайрылган. Бул маселе боюнча акыркы чечим ноябрда чечилет деп күтүлүүдө. Анда Евробиримдиктин азыркы миссиясынын мандатын узартуу маселеси күн тартибине коюлат. Буга чейин украин аскерлерин окутуу Евробиримдиктин аймагында гана, биринчи кезекте Польша менен Германияда өтөт.

Украинадагы миссия тууралуу бейрасмий талкуулар жайкы каникулга чейин июлдун башында Брюсселде болгон. Бул багытта пикирлер экиге бөлүнгөн. Франция Киевдин талабын аткарып, аскерлерди ошол жерден машыктыруу үчүн Украинага европалык аскерлерди жөнөтүүнү колдогон. Польша, Дания жана Швеция Париждин көз карашына кошулат.

Германия өкмөтү украин аскерлерин жеринде окутуу үчүн Евробиримдик өлкөлөрүнөн адистерди жиберүүгө каршы. Немис саясатчылары кырдаалдын курчушунан жана күтүлбөгөн тобокелчиликтерден коркушат. Берлиндин позициясын Мальта, Австрия, Словения жана Венгрия колдойт.

XS
SM
MD
LG