Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өстү


Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Кыргызстанда жарым жылда чакан насыя (микрокредит) алгандардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Берилген насыянын көлөмү да 26,6% өскөн. Жалпысынан жарым жылда 29,9 млрд сомдук кредит берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, чакан насыя алгандардын 22% Бишкек шаарына туура келет. Кийинки орунда Ош (16%), Жалал-Абад (15%), Чүй (14%) турат.

2024-жылдын алты айында берилген чакан насыянын жарымынан көбү, 50,7% керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген. 22% айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5% жакыны курулушка багытталган.

2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG