Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

Ысык-Көлдө селдин кесепетин жоюу иштери уланууда


18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.
18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө 63 инженердик техника, үч өрт өчүрүүчү автоунаа тартылды. Бул тууралуу 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Тазалоо иштерине жалпысынан 370 куткаруучу катышууда.

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел каптагандан кийин Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарда жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүнөн жүргөн сел 500гө жакын турак үйдү каптап, айрымдары жараксыз болуп калганын ӨКМ билдирген. Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген. Темир айылы эң көп жабыр тарткан.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. ӨКМ көл жер астынан жырылганын айтып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG