Германиядагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу алды

Бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда да террордук деп таанылган “Ислам мамлекети” (ИМ) экстремисттик уюму жума күнү үч кишинин өмүрүн алган Золинген шаарындагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Алардын жазуу түрүндөгү кайрылуусун ИМ тобуна жакын делген маалымат каражаттар жарыялаган.

"Германиянын Золинген шаарындагы христиандардын иш-чарасында кол салган адам "Ислам мамлекетинин" жоокери болгон жана бул аракетин Палестинада жана башка жерлердеги мусулмандар үчүн өч алуу катары жасаган", - деп айтылат ИМге караштуу Amaq агенттигинин билдирүүсүндө. Теракттын артында ИМ турат деген эч кандай далил жок.

Полиция шаардын борборундагы качкындар жатаканасынан кол салган адамды издөөгө киришти.

"Биз маалымат алдык жана анын негизинде полиция кызматкерлери иш-чараларды жүргүзүүдө", - деди ИИМдин басма сөз катчысы. Операцияга атайын күчтөрдүн отряды да катышууда. Жатакананын айланасы курчоого алынган.

Маалымат жыйын учурунда прокуратура бул окуянын террордук максаты бар экенин жокко чыгарбай турганын билдирди. Тергөөнү жетектеп жаткан башкы прокурор Маркус Касперс "окуя ушундай шек жаратып жатканын, анткени жабырлануучулардын бири-бири менен эч кандай байланышы жок экенин" белгиледи. Прокурордун айтымында, кылмыштын башка мотиви каралган жок.

ZDF телеканалы кылмыштын саясий мотиви болушу мүмкүн экенин айтып, бирок булакты көрсөткөн эмес. Аймактын жетекчилиги бул элди коркутуу үчүн жасалганын белгилеп, "бизди коркутууга жол бербейбиз" деген.

Жума күнү кечинде Германиянын батышындагы Золинген шаарында белгисиз адам фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салып, үч киши мерт болгон. Bild басылмасы кол салган адам изин жашырып кеткенин жазган. Окуя Золинген шаарынын 650 жылдыгына арналган концерт учурунда, эл көп топтолгон сахнанын алдында болгон.

Дагы караңыз

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Парижде кармалдыБалбандар Исаков менен Кахаров уландар арасында Дүйнө чемпиону болушту (U17)Кыргызстанда 2,5 жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болдуБишкекте күйүүчү май сактоочу жай күйүп кетти