Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Балбандар Исаков менен Кахаров уландар арасында Дүйнө чемпиону болушту (U17)


Курсантбек Исаков күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 23-август, 2024-ж.
Курсантбек Исаков күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 23-август, 2024-ж.

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал тагынышты. 24-августта Курсантбек Исаков эркин күрөштөн 55 килограмм салмакта финалда Пуэрто-Рико балбаны Бахман Жосеф Иванды 3:2 эсебинде жеңди.

Финалдык беттешкен чейин Исаков үч атаандашын уткан. Алгач жапониялык Юкия Китадени (3:1), чейрек финалда казакстандык Ералы Аскербекти (7:1), жарым финалда АКШ балбаны Киану Жосеф Диллардды (10:2) жеңген.

Курсантбек Исаков 17 жашка чейинкилер арасында быйылкы Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болгон.

Анын финалдагы атаандашы Бахман Жосеф Иван 17 жашка чейинкилер арасында Панамериканын эки жолку чемпиону, ушул эле куракта 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган.

Рустамжан Кахаров эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта финалда теги орусиялык, мелдешке байтарап статуста чыккан Рамазан Абдуллаевди 7:6 эсебинде жеңди. Кахаров бул чемпионатта жалпы беш беттеш өткөрдү. Алгач ирандык Ясин Хосро Тайебини 14:5, 1/8 финалда австралиялык Мобин Зареини 10:0, чейрек финалда грузиялык Рати Ревазашвилини 6:2, жарым финалда казакстандык Бакдаулет Акимжанды 12:5 эсебинде жеңген.

Рустамжан Кахаров күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 23-август, 2024-ж.
Рустамжан Кахаров күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 23-август, 2024-ж.

17 жаштагы Рустамжан Кахаров 15 жашка чейинкилер арасында жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чепионаттарынын күмүш байгелеринин ээси.

17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 25-августка чейин уланат. Бүгүн эркин күрөштөн 60 кг салмакта Өмүрбек Асан уулу финалга чыкты. Ал жарым финалда АКШ балбаны Жордин Пол Рэйнини 12:6 эсебинде утуп алды. Эми алтын байге үчүн азербайжандык Хусейн Исмаилов менен күрөшөт.

51 кг салмакта Марлен Абдраимов коло байге үчүн күч сынашат. Андан сырткары кыргызстандык балбандар Нурсадык Нурдинов (71 кг), Фарух Момунжановдор (92 кг) көңүл жубатуучу таймаштарга чыгышат. Финалдык беттештер эртең 25-августта саат 21:00дө башталат.

Күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты 19-августта башталган. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кутман Калбаев күмүш (51 кг), Бекжан Бейшембаев коло медал тагынган (45 кг). (ECh)

XS
SM
MD
LG