Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Бишкекте күйүүчү май сактоочу жай күйүп кетти


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Бүгүн, 24-августта Бишкекте күйүүчү май сактоочу жайдан өрт чыгып, "Ford Transit" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампанын 150 чарчы метр аянты күйгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:34дө толук өчүрүлгөн.

ӨКМ өрттөн жабыр тарткандар бар-жогу тууралуу маалымат берген жок.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG