Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Кыргызстанда 2,5 жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратура “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, тогуз учур быйыл 6 айда катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы 7 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Ушул тапта Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки келиндин өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда.

Үч баланын энеси, 34 жаштагы Рахима Айкымбаева 4-апрелге караган түнү бычакталганы маалым болгон. Кылмышка шек саналып 33 жаштагы күйөөсү кармалган.

39 жаштагы Айжан Алыкулова быйыл 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG