Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Парижде кармалды

Павел Дуров.

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Парижде аэропортто кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу француз телеканалдар TF1 LCI жана BFM TV кабарлады. Дуров Азербайжандан бизнес-жет менен учуп келген учурда кармалган. Телеканалдын булактары Дуров сурак беруү үчүн кармалганын билдирүүдө. Прокуратура кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим чыгарса, жекшемби күнү Дуровдун бөгөт чарасы каралат.

Миллиардердин кармалышы тууралуу расмий бийлик, Франциянын Ички иштер министрлиги жана полиция комментарий бере элек. TF1 укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Дуров мессенжердин незидөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазды. Telegram бийлик менен кызматташуудан баш тартып жатканы айтылууда.

TF1 мурда Дуровду камакка алуу ордери берилгенин, ишкер Франциянын аймагына киргенден кийин ал күчүнө киргенин тергөөгө жакын булактарга таянып билдирди.

Орусияда төрөлүп-өсүп, бирок бул өлкөдөн 10 жыл мурда чыгып кеткен Павел Дуров 2021-жылы Франциянын жарандыгын алган. Ушул тапта БАЭде жашайт.

ВКонтакте социалдык тармагын түзгөн Дуров Telegram мессенжерин 2013-жылы иштеп чыккан. Ал популярдуулугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мессенжердин серверлери жабык коддорду колдонот, АКШ, Нидерланд жана Сингапурда иштейт. Дуров июль айында каналдын 950 млн активдүү колдонуучулары бар экенин айткан. 2017-жылы Forbes журналы аны орусиялык 200 миллиарддердин катарына кошкон жана байлыгын 1,7 миллиард доллар деп баалаган.

Дуров Telegram эч бир мамлекетке көз каранды эмес, эркин чөйрө бойдон калышы керектигин айткан. Ал орусиялык же башка атайын кызматтар менен байланышы бар деген шектенүүлөрдү четке кагат. Ошол эле учурда Telegram мамлекеттик органдардын талабы боюнча мыйзамсыз мазмунду өчүрүүгө даяр экенин баса белгилейт.

2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын июнь айына чейин “Роскомнадзор” соттун чечими менен Орусияда Telegram мессенжерин Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) каттарды окуй турган кодду бербегени үчүн тыюуга аракет кылган.

Орусиянын “Роскомнадзор” көзөмөл мекемеси 2023-жылы январда Telegram мессенжерин “чет элдик агент” деп таанып, банктык кызматтарды ишке ашырууга тыюу салган.

Дагы караңыз

Балбандар Исаков менен Кахаров уландар арасында Дүйнө чемпиону болушту (U17)Кыргызстанда 2,5 жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болдуБишкекте күйүүчү май сактоочу жай күйүп кеттиОшто прокурор төрт миң доллар пара талап кылууга шектелүүдө