Бүгүн, 24-августта Бишкекте күйүүчү май сактоочу жайдан өрт чыгып, "Ford Transit" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампанын 150 чарчы метр аянты күйгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:34дө толук өчүрүлгөн.
ӨКМ өрттөн жабыр тарткандар бар-жогу тууралуу маалымат берген жок.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (КЕ)
Дагы караңыз
Ошто прокурор төрт миң доллар пара талап кылууга шектелүүдөОрусия менен Украина "115ке 115" форматында туткундарды алмаштыАКШ Орусия, Азия, ЕБ жана Жакынкы Чыгыштын компанияларына санкция салдыКыргызстанда 2,5 жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болду