Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Орусия менен Украина "115ке 115" форматында туткундарды алмашты


Украин аскер кызматкерлери. 24-август, 2024
Украин аскер кызматкерлери. 24-август, 2024

Орусия менен Украина "115ке 115" форматында аскердик туткундарды алмашты. Бул тууралуу алгач Reuters агенттиги кабарлады. Кийинчерек бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, украин тарап Курск облусунда туткунга алган аскерлерди өткөрүп берген. Алардын макамы так айтылган эмес.

Согуш темаларын чагылдырган кабарчы Семен Пегов айырбашталган туткундардын көбү аскерге чакырылып, милдеттүү кызмат өтөгөн жоокерлер экенин белгилеген.

Туткундар алмашылгандан кийин орус аскерлери Беларустун аймагына жөнөтүлгөн.

Украин аскерлери туткундан кайтарылганын президент Владмир Зеленский да билдирди. Ага ылайык, бул жолу Улуттук гвардиянын, Аба күчтөрүнүн, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жана Чек аранын аскерлери үйлөрүнө кайтып келишкен.

Бул жолу дагы туткундарды алмашууга Бириккен Араб Эмирлиги ортомчулук кылган.

Орусия менен Украина Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу менен буга чейин июлда “95ке 95” формуласына ылайык туткундарды айырбаштаган.

XS
SM
MD
LG