Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

АКШ Орусия, Азия, ЕБ жана Жакынкы Чыгыштын компанияларына санкция салды


АКШнын Финансы министрлиги.
АКШнын Финансы министрлиги.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы, Азиядагы, Европа Биримдигиндеги жана Жакынкы Чыгыштагы 400 юридикалык жактарга жана жеке адамдарга санкция салганын жарыялады. Санкцияга жалпысынан 16 өлкөнүн компаниялары илинген. Мекеменин белгилешинче, чектөө чаралары Орусия же бул өлкөгө тиешелүү жеке адамдарга жана компанияларга Украинадагы согуш үчүн колдонгон товарларды жана кызматтарды жеткирүүгө тиешеси бар делген тараптарга киргизилген.

"Орусия өзүнүн экономикасын аскердик - өнөр жай комплексин тейлөө куралына айландырды. Биз президент Байден жана анын G7 өнөктөштөрү Орусиянын аскердик - өнөр жай комплексинин камсыздоо жана төлөм каналдарын үзгүлтүккө учуратуу боюнча берген убадаларын аткарууну улантабыз", - деди АКШнын финансы министринин орун басары Уолли Адейемо.

Санкцияга Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун уул-келини дагы кирген. Тизмеге кирген адамдардын арасында кремлчил жаштардын “Биринчи кыймылынын” жетекчиси Григорий Гуров жана "Волга-Днепр" авиакомпаниясынын жетекчиси Алексей Исайкин да бар.

Компаниялардын катарына "Евраз", "Якутиянын суюлтулган жаратылыш газы" ишканаларынын филиалдары, Магнитогорск темир-металлургиялык комбинаты, Норильск никель заводдору, орусиялык Air Bridge Carg жүк ташуучу авиакомпаниясы, Москва зергер заводу, жети суюлтулган газ ташуучу жана ага тиешелүү компаниялар кошулган.

Санкциялардын тизмесинде орусиялыктардан тышкары Түркия, Кытай жана Бириккен Араб Эмирлигинин жарандары жана компаниялары бар. "Казыналык Орусиянын жаңы чет элдик филиалдарды жана орусиялык финансы институттарынын туунду компанияларын ачуу аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүү аракетинен кабардар", - деп белгиленген АКШнын Финансы министрлигинин маалыматында.

АКШ ушул жылдын июнь айында Орусияга жана ага тийиштүү делген 300дөй жеке адамдарга жана компанияларга санкция салып, бир топ товарларды эксперт, рэкспортко тыюу салган.

XS
SM
MD
LG