Ошто прокурор төрт миң доллар пара талап кылууга шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары опузалап 4 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 24-августта кабарлады. Атайын кызматтын маалыматында Э.С.К. аттуу прокурордун орун басары кылмыш иши боюнча маселени оң чечкени үчүн ишкерден пара талап кылганы белгиленген.

УКМК Ноокат райондук прокуратурасы ишкерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү уюштуруу үчүн Ноокат милициясына өткөрүп бергенин билдирди.

"Райондук прокурордун орун басары Э.С.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөө органдарына кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылып, тергөөчүлөргө ар кандай кысым көрсөтүп, мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган. Ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгон. Бирок прокурордун орун басары ишкерди соттуулугу менен коркутуп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен жогорудагы сумманы опузалап талап кылган", - деп жазылган УКМК тараткан мааламатта.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Э.С.К.нын жеке унаасын жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Шектүү кармалып, Ош облусундагы тергөө абагына киргизилди.

Шектүүнүн жакындарынан жана адвокатынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Атайын кызмат менчик ээсине же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, тийиштүү тарап мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш экенин белгилеген.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина "115ке 115" форматында туткундарды алмаштыАКШ Орусия, Азия, ЕБ жана Жакынкы Чыгыштын компанияларына санкция салдыКыргызстанда 2,5 жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болдуВоронежде дрон чабуулунан ок-дары сакталган кампада өрт чыкты