Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 30 миңдей абитуриентти кабыл алды

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 5 турдун жыйынтыгы менен 29 551 абитуриентти кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илими министрлиги билдирди.

Талондорду каттоо боюнча төмөндөгү университеттер алдыга чыкты. Ж.Баласагын атындагы КУУга – 8240, И. Раззаков атындагы КМТУга – 7457, ОшМУга – 6369, Б.Ельцин атындагы КРСУга – 5414, И. Арабаев атындагы КМУга – 4644, И. Ахунбаев атындагы КММАга – 4420, Х. Карасаев атындагы БМУга – 3953 жана “Ала-Тоо” эл аралык университетине – 2804 талон түшкөн.

Соңунда Баласагын атындагы КУУга – 4930 абитуриент, ОшМУга – 4009, И. Раззаков атындагы КМТУга – 3749, И. Арабаев атындагы КМУга – 2349, Х. Карасаев атындагы БМУга – 2022, Б. Ельцин атындагы КРСУга – 2108, И. Ахунбаев атындагы КММАга – 1064 жана “Ала-Тоо” эл аралык университетине – 1004 абитуриент тастыктама берип, окууга өткөн.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи айлампасы 15-июлда башталып, бешинчи айлампасы 17-августта аяктады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда мектепти 2023-2024-окуу жылын 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктаган.

50 миңден ашык бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестке катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түздү. Тестке катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүБишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөп, 21 жаштагы жигит шектүү катары кармалдыИндиянын лидери Нарендра Моди Украинага барды УКМК экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыяладыУкраина: Абадан коргонуу системасы орус армиясынын дрон чабуулунун мизин кайтардыСузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктадыГаза: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылдыУлуттук банк тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн акы алууга тыюу салууну сунуштады