Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Сузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктады


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 22-август түнү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.

Жалпы 15 киши – 12 эркек, 3 аял арыз берди. Ушул күнгө чейин алардын алтоо талапкер катары катталып, төртөө берген арыздарын кайтарып алышты.

Талапкерлердин толук документтерин кабыл алуу 25-августка чейин уланат. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу арызын жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барып, маанайы жок жүргөнүн" "Азаттыкка" айтышкан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынан ушуну менен 20 депутат мандатын таштап кетти.

19-августта “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган.

Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды. Партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG