Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Индиянын лидери Нарендра Моди Украинага барды


Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Киевдеги Махатма Гандинин эстелигинин алдында, 23-август, 2024-жыл
Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Киевдеги Махатма Гандинин эстелигинин алдында, 23-август, 2024-жыл

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Киевге барды. Бул тууралуу украин мыйзам чыгаруучусу Олекисий Гончаренко Телеграмга жазды. "Индиянын премьер-министри Моди Киевде", - деди ал.

Моди Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө. "Блумберг" басылмасы жазгандай, коопсуздук маселелерине байланыштуу Модинин сапары бир нече саатка гана созулат. Бул Украинанын эгемен тарыхында Индиянын өкмөт башчысынын биринчи жолу Киевге барышы. Моди 22-августта Украинага барар алдында Польшада жасаган билдирүүсүндө Киев менен Москваны "болушунча тезирээк" тынчтыкка жол табууга чакырган.

"Мен дос жана өнөктөш катары аймакка тезинен тынчтык жана туруктуулук орношуна үмүттөнөм",-деди ал.

Июль айынын башында премьер Моди Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путинге жолуккан. Сапардын жыйынтыгында ал Путин менен сүйлөшүүдө "абдан кызык ойлор" пайда болгонун айтып, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.

Зеленский анда Модинин Москвага барып, Путинге жолугушун "тынчтык орнотуу аракеттерине болуп көрбөгөндөй сокку" катары мүнөздөп, кескин сындаган.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Индия Кытай менен катар аны менен соода өнөктөштүгүн, айрыкча мунай сатып алууну кеңейткен өлкөлөрдүн бирине айланган. Батыштагы өнөктөштөрдөн айырмаланып, Моди Орусиянын согуш ачышын түздөн-түз айыптоодон жана Москваны сындоодон карманып турат.

XS
SM
MD
LG