Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөп, 21 жаштагы жигит шектүү катары кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз төрөп, 21 жаштагы жигит аны зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кош бойлуу өспүрүм көз жаруу үчүн төрөтканага келген. Оорукана кызматкерлери дароо милицияга кабар беришкен.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Өзгөн районунун тургуну. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздар төрөгөн учурлар буга чейин да катталган.

2017-жылы Таласта 14 жаштагы кыз, Чүй облусунда 13 жаштагы кыз көз жарганы чуу жараткан. Ош облусунда 2018-жылы 16 жаштагы кыз, 2019-жылы 15 жаштагы кыз төрөгөнү ачыкка чыккан. 2020-жылы Сузакта 15 жаштагы кыз төрөсө, 2021-жылы Аксыда 14 жаштагы кыз жана Ош шаарында 15 жаштагы кыз төрөгөнү маалым болгон. (ErN)

Дагы караңыз

Индиянын лидери Нарендра Моди Украинага барды УКМК экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыяладыУкраина: Абадан коргонуу системасы орус армиясынын дрон чабуулунун мизин кайтардыКыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүБишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды Сузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктадыГаза: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылдыУлуттук банк тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн акы алууга тыюу салууну сунуштады