Курск коопсуздук чараларын күчөтүүдө, украин аскерлери операциясын улантууда

Курск.

Орусиянын украиналык аскерлер эки аптадан бери айрым аймактарын ээлеп турган Курск облусунда 22-августта коомдук транспорт аялдамаларында темир-бетондон жасалган коргонуучу жайлар орнотула баштады. Бул тууралуу облус башчысы Алексей Смирнов билдирди.

Курск шаарында бомбадан жана башка аткылоодон коргонуучу мындай бетон модулдар жалпысынан 60 негизги аялдамага коюлары маалымдалды. Мындан тышкары облустун дагы эки шаарында – Железногорскиде (калкы болжол менен 100 миң киши) жана Курчатовдо (калкы 40 миң кишидей). Курчатов шаарында Курск атомдук электр станциясынын жумушчулары жашайт.

Украин аскерлери Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Бул операциясын украин бийлиги Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдей жараны эвакуация болгонун кабарлаган.

Украин президенти Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.

21-августтун кечиндеги видео кайрылуусунда Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин маалыматына таянып:

«Курск облусунда операциябыз уланууда, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Белгиленген аймактар көзөмөлдө. Бардык жигиттерибизге, биздин бардык бөлүктөргө туткун алмашуу фондун толуктап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем», - деп айтты.

Ошону менен катар Зеленский фронттун Покровск жана Донецк багыттарындагы абал көңүл чордонунда экенин айтты:

«Биз душмандын кадамдарын аңдап, күчтөнүп жатабыз. Ок-дары менен камсыздоону текшердик. Өнөктөштөр өз милдеттенмелерин чындап аткарышы абдан маанилүү болууда», - деп белгиледи. (RK)

Дагы караңыз

ӨКМ Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканын эки апта мурда эскерткенин билдирдиЭкинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумдуФейсбуктагы фейк аккаунт: Каныкей Аранова үч жыл абакта калды"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр кыска убакытка эвакуация болду