Пакистан үч аскери каза тапкан чек ара окуясын иликтөөдө

Пакистандын күч кызматкерлери.

Пакистан түндүк-батыш аймагындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында Бажаур уруулар аймагындагы атышуунун чоо-жайын териштирип жатканын, беш согушкер жана үч аскер кызматкери каза болгонун билдирди.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 19-августта болгон, болжол менен дагы төрт согушкер жараат алган.

Пакистандын аймагына Ооганстан тараптан кирип өттүгө аракет кылгандар кайсы топтун мүчөсү экени белгисиз.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасы ондогон жыл мурда, британиялык колониялык башкаруу заманында бөлүнгөн, бирок алигүнчө талаш жаратып келет. Мунун айынан чек ара тилкесиндеги коопсуздук күчтөрү ортосунда ар кандай куралдуу кагылышуулар катталып турат.

Хайбер-Пахтунхвада адам өмүрү кыйылган түрдүү чабуулдар көп болот. Адатта жоопкерчиликти өзүнө «Техрик-е Талибан Пакистан» тобу алат. (RK)

Дагы караңыз

"Ыйман" фондундагы ызы-чуу. 5 млн доллардын белгисиз отчету Чикагодо Байден Харристи чоң жарышка аттандырды Чикаго: Демократтардан Камала Харрис шайлоого чыгат Украина Киев ушул айда бешинчи жолу ракеталык чабуулга кабылганын билдирди