Бул иштин алкагында уюмду 2019-жылга чейин жетектеген учурда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун жоопкерчилиги көтөрүлүшү мүмкүн экенин айткандар бар. Коомчулукта иштин "саясий өңүтү болушу мүмкүн" деген пикир да айтылып жатат.
УКМКнын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн аудит
“Ыйман” фондунун айланасындагы жаңжал бул уюмдун ишмердигин текшерген аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болду. Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.
Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттигинен Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.
Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Ушундан улам “Ыйман” фондунун ишмердигине толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган. Ошол эле учурда аудиттин бүтүмүндө мурдагы бухгалтерден башка мурдагы жетекчилердин, кызматкерлердин ысымы аталган эмес.
“Ыйман” фондуна жакында эле директор болуп дайындалган Жанузак Туран уулу “Азаттыкка” буларды айтты:
“Ыйман” фонду 2014-жылы Кыргызстандын президенттинин алдында түзүлүп, ошол кезде Түркия 5 млн доллардай каражат бөлгөн. Биз жаңы жетекчиликке келгенден кийин чоң-чоң иштерди аткарууга аракет кылып жатабыз. Ошонун негизинде буга чейинки иш-аракеттерге сарасеп жүргүзүп берүү үчүн администрацияга кайрылдык. Текшерүү иштери азыр да уланып жатат”.
Жанузак Туран уулу баштапкы келишим боюнча Түркиядан экинчи транш менен дагы 5 млн доллар жардам алуу планы болгонун, бирок алгач алынган 5 млн боюнча отчет берилбей калгандыктан, иш токтоп турганын да кошумчалады.
Түркиядан акча келди делген жылдары “Ыйман фондун” Искендер Ормон уулу (24.03.2014-26.01.2015) менен Нуржигит Кадырбеков (26.02.2015 – 12.04.2019) жетектеген.
Ал эми фондду алардан кийин башкарган Самаган Мырзаибраимов анын учурунда акча келип түшпөгөнүн билдирди:
“Аталган иштер боюнча кабарым жок. Анын үстүнө тергөө да жүрүп жатат. Мен жетекчи болгон учурда каражат түшкөн эмес”.
Биз Искендер Ормон уулу менен байланыша алган жокпуз.
Ал эми “Ыйман” фондун төрт жыл, 2015-жылдан 2019-жылга чейин жетектеген Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Нуржигит Кадырбеков фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин катуу көзөмөлүндө болгон деген жооп кайтарды:
“Бул иштер боюнча кабарым бар. Анткени ошол учурдагы биздин кызматкерлер, фонддун азыркы жетекчиси да маалымат берди. Кандай ниетте текшерип жатканын билбейм. “Ыйман” фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлүп, каражатты да өзү таап келген. Ал атайын байкоочу, аткаруучу кеңеш түзгөн. Атамбаев өзү “абдан таза иштеп бердиңер” деген баасын берген”.
Кадырбековдон кийин “Ыйман” фондун Самаган Мырзаибраимов, андан соң Рахматулла Эгембердиев, Зикрулло Махамат уулу жетектеген. 2024-жылдын июнь айынан тарта Жанузак Туран уулу башкарып келет.
Эки айга камалган эсепчи
Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек. Анын чоо-жайы, суракка алынган же айыпталган адамдардын ысымы белгисиз.
9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту ("өзгөчө ири өлчөмдө, кызмат абалын пайдалануу") менен айыпталууда. Соттун чечимине ылайык, Аширова 2024-жылдын 2-октябрына чейин камакта болот.
Эсепчини камакка алуу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтиргенин эске алып, ишти атайын кызмат тергеп жатканын түшүнүүгө болот.
Биз макала даярдалып жатканда Индира Ашированын адвокаты, жакындары менен байланыша алган жокпуз.
Отчет боюнча ача пикир
Финансы министрлигинин аудиттик корутундусунда “Ыйман” фондуна миллиондор 2014-2018-жылдары түшкөнү, бирок анын отчету берилбегени айтылат. Бул аралыкта фондду эки адам жетектеген. Алар - Искендер Ормон уулу менен Нуржигит Кадырбеков. Бирок "отчет берилген эмес" деп айтылган 5 млн 104 миң доллардын жана 24 млн 866 миң сомдун көпчүлүгү “Ыйман” фондун Нуржигит Кадырбеков башкарып турган учурда келип түшкөн.
Кадырбеков да “Ыйман” фондунан кеткен соң өкмөттүк жетекчилик кызматтарга өттү. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ыйман Нуру” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке шайланды. Ал ошол учурда каржылык иштер боюнча мындай деди:
“Эсепчинин камалганы абдан өкүнүчтүү. Ал президент өзү дайындап берген кызматкер эле. Ал айым түшкө чейин “Ыйман” фондунда, андан кийин президенттин кабылдамасында иштечү. Мындайча айтканда, ар бир тыйын боюнча президентке маалымат берилип турган. Менин ал фонддон кеткениме алты жыл болду. Анан беш миллион долларды 3 миңдей имамга үч жыл бою стипендия кылып жеткириштин өзү канча? Андан тышкары окуу материалдарын иштеп чыкканбыз. Абдан сарамжалдуу иштеткенбиз. Анан кайсыл себептерден улам кайрадан тактап чыгалы деген ниет болду, билбейм. Тактап көрүшсүн. Канчалык таза, канчалык сарамжалдуу иштегенибизди эле көрөт”.
Депутат Кадырбеков фонддун финансылык ишине байланыштуу суракка чакырылбаганын кошумчалады.
“Ыйман” фондуна келип түшкөн каражат, анын эсеби боюнча мурда-кийин ар кандай сөздөр айтылып келген.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны 2014-2016-жылдары жетектеген Орозбек Молдалиев ошол учурда “Ыйман” фондунун байкоочу кеңешинин курамында болгон. Анын маалыматына караганда, фонддун жетекчилери байкоочу кеңешке отчет беришкен эмес.
Ал эми диний талдоочу, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов мындай пикирин бөлүштү:
“Сырттан келген акчаны жайгаштыруунун туура системасы колдонулушу керек. Бул, биринчиден, байкоочу кеңеш, экинчиден, ревизиялык комиссия так иштеши керек. Ар бир кеткен тыйынды эсептеп, жарым жыл сайын отчет берип турушу керек. Андай болбосо, сөзсүз түрдө бүдөмүк ойлор чыга берет”.
- "Ыйман" фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.
- Бул аралыкта мекеме ондогон китептерди чыгарды, видеороликтерди тартып, жолугушууларды, окутууларды өткөрүп келди. Ортодо айтыш, китеп боюнча жармаңкелерди жана тарбиялык, агартуу маанисиндеги акцияларды уюштурду.
Иштин саясий өңүтү барбы?
Эки айга камалган эсепчи Аширова “Ыйман” фондунда Нуржигит Кадырбеков жетекчи болуп турган учурда иштеген. Ушундан улам депутаттын жоопкерчилиги каралышы мүмкүнбү, иштин саясий өңүтү барбы деген суроо жаралууда.
Нуржигит Кадырбеков - Жогорку Кеңештеги беш депутаттын башын бириктирген “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери. Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2023-жылдагы сурамжылоосу Кадырбековду колдоочулары көп саясатчылардын бири деп аныктаган.
Бул изилдөөдөгү "саясатчылардын же коомдук ишмерлердин кимисине көбүрөөк ишенесиз?" деген суроого респонденттердин 35% президент Садыр Жапаровду атаган. Кийинки сапта Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге 14% ишеним көрсөтүлгөн. Үчүнчү катарда депутат Нуржигит Кадырбеков орун алып, ага сурамжылоого катышкандардын 13% ишене турганын билдирген.
Саясат талдоочулар Нуржигит Кадырбековду, ал жетектеген фракцияны Жогорку Кеңештеги оппозиция катары эсептебейт. Бирок депутат айрым талаштуу мыйзамдар боюнча каршы добушун, кай бир маселелер боюнча бийликке терс пикирин айтып турат.
Жарандык активист Айбек Теңизбай бул иштин "саясий өңүтү бар болушу мүмкүн" деген ойдо:
“Негизи “Ыйман” фондуна байланыштуу суроолор болуп келгени чын. Анткени түрктөр берген акчанын каякка, кандай максатта колдонулушу боюнча менде да суроо болуп келген. Бул маселенин биринчи тарабы. Экинчи тарабын карай турган болсок, президенттик шайлоого үч жылдай мөөнөт калды. Ушундан улам бул бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттердин бири болушу мүмкүн. Нуржигит Кадырбеков эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында үчүнчү орунда турат. Бул көрүнүш бийлик үчүн коңгуроо болушу мүмкүн. Ушул жактан караганда саясий өңүттөгү иш болушу мүмкүн”.
Буга чейин оппозициялык көз караштагы же бийликтин дарегине сын айтып келген депутат Адахан Мадумаров кылмыш ишине байланыштуу мандатынан ажыратылса, дагы бир эл өкүлү Тазабек Икрамов өз каалоосу менен парламенттен кеткен. Ал ошол кадамына чейин УКМКга суракка кирип чыкканы белгилүү. Алар муну өзүнүн ишмердиги менен байланыштырып келишет.