Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

Чикагодо Байден Харристи чоң жарышка аттандырды


Камала Харрис жана Жо Байден
Камала Харрис жана Жо Байден

АКШнын Чикаго шаарында Демократиялык партиянын үч күндүк улуттук курултайы башталды. Жыйында вице-президент Камала Харрис ноябрдагы шайлоого партиянын атынан талапкер болуп көргөзүлмөкчү. Ал арада сыртта миңдеген кишилер Вашингтондун Газадагы согушта Израилди колдоп жатканына нааразылык билдирди.

"Харристи вице-президенттикке тандоо эң мыкты чечимим болгон"

Бир ай мурун талапкерликтен баш тарткан президент Жо Байденди курултайдын катышуучулары жылуу, алкыш айтып тосуп алышты.

Президент курултайдагы программалык сөзүндө Харриске дагы бир жолу колдоосун билдирди:

"Партиянын талапкери боло электе эле Камаланы вице-президенттикке тандоо чечимин кабыл алганмын. Бул - саясий карьерамда кабыл алган эң мыкты чечим болуп калды. Камала - бекем, тажрыйбалуу, өтө чынчыл".

Президент Жо Байден. Чикаго. 2024-жыл, 19-август
Президент Жо Байден. Чикаго. 2024-жыл, 19-август

Бир ай мурун эле 81 жаштагы Байден бул курултайга мамлекеттеги жогорку кызмат үчүн кайрадан талапкер катары катышат деп күтүлгөн эле. Бирок президенттин жаш курагына жана саламаттыгына, башкаруу жөндөмүнө байланышкан камтамадан улам ал жарыштан чыгууга аргасыз болгон.

Президенттик мөөнөтү аягына чыгып келаткан Байдендин 19-августтагы сөзү бир чети коштошууну да ишарат кылгандай. Ал кызматта турганда кандай ийгиликтерге жетишкенине учкай токтолуп, НАТОну бекемдөө, Орусиянын агрессиясына туш болгон Украинаны колдоо өңдүү иштерди атап кетти:

"НАТОго Финляндия менен Швецияны кошуу менен биз Европаны мурда болуп көрбөгөндөй кылып бириктирдик. Путин Киевди үч күндө алам деп ойлогон. Үч жылдан кийин да Украина эркин мамлекет бойдон турат".

Байден Харристин шайлоодогу атаандашы, республикачылардын өкүлү, экс-президент Доналд Трампты "ийгиликсиз" деп атап, америкалыктарды мамлекетин башында "прокурорду" же “соттолгон кылмышкерди” көргүсү келерин чечүүгө чакырды.

Харрис Калифорниянын прокурору болчу. Ал эми Нью-Йорктун калыстар тобу 30-майда Трампты иш документтерин бурмалаган деген иш боюнча айыптуу деп тапкан.

Президент сөз сүйлөөрдүн алдында сахнага Харрис чыгып, ага ыраазычылыгын айтты:

"Жо, тарыхый лидерлигиңиз, өмүр бою элге өтөгөн кызматыңыз, мындан аркы ишиңиз үчүн чоң рахмат. Сизге түбөлүк ыраазыбыз".

Андан ары демократтардын башка лидерлери да Харриске колдоосун билдиришти. Буга чейин Демпартиядан президенттикке талапкер болуп жеңген жападан жалгыз аял, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон болгон. 2016-жылкы шайлоодо ал Доналд Трампка утулуп калган.

"Биз Американы коргоодо кол куушуруп отурган жокпуз. Миллиондогон кишилер жүрүшкө чыкты. Көбү кызматтарга барды. Биз келечекти көздөп жаттык. Достор, келечек мына келди... Биз Америка тарыхынын жаңы барагын жазып жатабыз".

Чикаго: Демократтардан Камала Харрис шайлоого чыгат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Газадагы согушту токтотуу талабы

Форумда чыгып сүйлөгөндөр биригүү, ынтымак тууралуу сөз кылып жатканы менен, ошол эле күнү өткөн нааразылык акциясында партиядагы пикир келишпестиктер даана байкалды.

Чикагодо миңдеген кишилер катышкан жүрүштө АКШнын Газадагы согушта Израилди колдоп жатканына, Байден жана Харристин администрациясы жүргүзгөн саясатка каршы ураандар жаңырды.

“Вице-президент Камала Харрис “биз үн чыгарбай койбойбуз” деп айткан. Эми анын бир аракет көрүүсүн каалайбыз, курулай сөздөр эмес, конкреттүү кадам болушу керек. Израилди куралдандырууну токтотсун, Газага гуманитардык жардам жөнөтсүн, анан, албетте, ок атууга чекит койдурсун”.

Палестиначыл демонстранттар. Чикаго. 2024-жыл, 19-август.
Палестиначыл демонстранттар. Чикаго. 2024-жыл, 19-август.

Айрым демонстранттар Харристин Жакынкы Чыгыштагы жаңжал боюнча позициясы шайлоодо чечүүчү роль ойноорун жашырышкан жок:

“Израилге каршы толук эмбарго киргизүүнү күтөбүз. Муну менен ал өлкөгө акча менен куралдын агымы бөгөттөлөт. Камала Харрис менен Тим Уолз добуштарыбызды алууну кааласа, биз ошол талаптан кайтпайбыз".

Демонстрациянын айрым катышуучулары тосмону жырып өткөндө, бир нечесин кармап кетишти.

Байден өз сөзүндө Газадагы куралдуу жаңжалга жана гуманитардык кризиске чекит коюу үчүн аракеттин баары көрүлүп жатканына токтолду:

"Мамлекеттик катчы менен бирге согуштун андан ары жайылышынын алдын алуу, барымтадагыларды үйлөрүнө кайтаруу, Газа тилкесине гуманитардык, медициналык жардам, азык-түлүк жөнөтүү үчүн биз күнү-түнү иштеп жатабыз. Тынч палестиналыктардын азап чегүүсүн токтотуу жана, эң негизгиси, ок атышпоого жетишип, тынчтык орнотуу үчүн аракет көрүп келатабыз".

Нааразылык акциялары курултай бүткүчө уланат деп күтүлүүдө. 22-августта Харрис партиянын президенттикке талапкери катары программалык сөзүн сүйлөмөкчү.

АКШдагы шайлоо: Байден колдогон Камала Харрис ким?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

59 жаштагы вице-президентти демократтардын көбү колдойт. Харристи жана вице-президенттикке тандалган Тим Уолздун талапкерликтерин бекитүү символикалык болмокчу. Шайлоого чейин үлгүрүү үчүн экөө тең онлайн добуш берүүдө жактырылган.

Курултайда партиянын программалык платформасы кабыл алынмакчы.

Президенттик шайлоо АКШда 5-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG