Мирзиёевдин кызы Каракалпакстан боюнча жооптуу болуп дайындалды

Саида Мирзиёева жана Турсинхан Худайбергенов.

Өзбек президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева атасы Шавкат Мирзиёевдин өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткарууга жооптуу болуп дайындалды. Бул милдетти ал президенттин кеңешчиси Турсинхан Худайбергенов менен чогуу аткарары 19-августта Мирзиёевдин Каракалпакстандагы сапары учурунда жарыяланды.

Аталган аймакты өнүктүрүү программасына Өзбекстандын республикалык бюджетинен кошумча 100 миллиард сум (8 миллион доллардай), келерки жылга социалдык өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жаңылоого 1 триллион сум (79 миллион доллардан ашуун) каражат бөлүнөрү, 24 мектеп, беш бала бакча, жети медициналык мекеме курулуп, оңдолору маалымдалды. Өнөр жай ишканаларын жана ири өндүрүш объектилерин жакшыртууга 353 миллиард сум (28 миллион доллар) жумшалары да белгилүү болду.

Каракалпакстанда эки жыл мурда нааразылык жаралып, кан төгүлгөн.

2022-жылы Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда адамдар каза болгон.

Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын расмий кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)

Дагы караңыз

"500дөй үйдү тазалоого миңдей киши тартылды". Ысык-Көлдөгү селдин кесепети Тайланд: Орус тилдүүлөр каптаган Пхукет аралы Зеленский Курск операциясы уланып жатканын айтып, өнөктөштөргө кайрылдыПрезидент Орусиядагы элчиге кызматташтыкты өнүктүрүүнү тапшырды