Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Президент Орусиядагы элчиге кызматташтыкты өнүктүрүүнү тапшырды


Кубанычбек Бөкөнтаев.
Кубанычбек Бөкөнтаев.

Президент Садыр Жапаров 20-августта Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Орусия менен стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанисин белгиледи.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Кубанычбек Бөкөнтаевге бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылык берүүнү тапшырды.

Бөкөнтаев Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын тереңдетүү боюнча өзүнүн пландары тууралуу айтып берди. Эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы достукту, кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Ал Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп президент Садыр Жапаровдун 5-августундагы жарлыгы менен дайындалган. 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматынан кеткен. Анын дипломаттык тажрыйбасы жок туруп, мигранттар эң көп жана түрдүү кысым-басым күчөп турган өлкөгө элчи болуп барганы коомчулукта сынга алынган.

Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы мурдагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бир топ сындан кийин быйыл май айында кызматтан алынган. Ал элчи болуп турганда ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңештен кызмат ордун кароо сунушу айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG