Ысык-Көлдө машине коюп кеткен милиция кызматкеринин абалы оор

Улуттук госпитал. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө иш үстүндө унаа коюп кеткен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкери Элистан Арзыбековдун абалы оор экени, эсине келе электиги 20-августта дарыгерлердин консилиумунда маалымдалды. Консилиумга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышканы кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бейтаптын мээси чайкалып, катуу жаракат алган, жоон саны сынып кеткен. Бишкекке 17-августта санавиация менен жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган.

"Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бейтаптын абалы жакшырышы менен мээси томографиялык аппаратка тартылып, андан аркы дарылоо пландаштырылат", - деп жазылган маалыматта.

Министр Бейшеналиев жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, дарылоо жараянын көзөмөлүнө алганын, бейтапка медициналык жардам толук көрсөтүлөрүн билдирди.

Арзыбековду 15-август күнү Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында иш учурунда катуу ылдамдык менен бараткан автоунаа коюп кеткен.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалган. Иш ички иштер министринин көзөмөлүндө экени кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Зеленский Курск операциясы уланып жатканын айтып, өнөктөштөргө кайрылдыАба ырайы: аймактарда өткүн өтөт Абактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы бийликке кайрылды Украина Киев ушул айда бешинчи жолу ракеталык чабуулга кабылганын билдирди