Сот Көлбаевдин жан сакчыларына 50 миң сомдон айып пул салды

Камчы Көлбаев. Архивдик сүрөт.

Кримтөбөл аталган, атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин жан сакчылары – Б.А.С., Р.М.А., А.Р.Р., К.Р.С. жана Ш.Ш.Б. аттуу жарандарды сот Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Алар аталган берененин экинчи бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Анын жазасы 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу деп каралган.

Сот чечимди 2023-жылы 27-декабрда кабыл алган. Маалымат бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарларынан соң ачыкка чыкты.

Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал кезде анын жанында канча киши болгону жана канча адам кармалганы так айтылган эмес.

Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Улуттук банк Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата тыйын чыгардыУКМК: Чүйдө 31 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылдыЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уландыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашуу иштелип чыктыОрусияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталдыНоокатта курулуп жаткан соода борборго 200 миң сом айып пул салынды