Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Орусияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жанында турган кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жанында турган кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттар тобу орус жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги мыйзамды талдап чыккан соң жазды.

ЛДПР фракциясынын лидери Леонид Слуцкий "чет элдик жумушчулар чоң үй-бүлөсүн алып кирип, өлкөдө көзөмөлсүз миграция агымы жаралып" жатканын белгилеген. Ал "мигранттар бир кичи районду ээлеп, өзүнчө анклав түзүп алышкан" деп нааразы болгон.

Мыйзам долбоорунун авторлору кеп "Орусияга эмгек келишиминин же патенттин негизинде келген, орус жарандыгы жок, квалификациясы төмөн адистер жөнүндө болуп жатканын" белгилешкен. Ал эми жогорку квалификациялуу жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн артыкчылыктар каралган.

"Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды үйүндө күтүшү керек. Алардын жакындары Орусияга келгенде бир үйдү же бир кичи районду ээлеп, анклавдарды түзүп алышкан. Өз тилинде сүйлөп, жергиликтүү тургундарды жек көргөн учурлар көп кездешет. Турак жай, коммуналдык кызматка акы төлөбөй, карызга батып, менчик ээлери аны чечүүгө аргасыз болушат. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечип, квалификациясы жок чет элдиктерге өздөрү иштеп жаткан учурда үй-бүлөсүн алып келишине тыюу салыш керек. Келип иштедиңби – кайра үйгө кетсин, башка сөз да болбошу керек", – деген Леонид Слуцкий “РИА Новости” агенттигине.

Буга чейин мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же Чек ара кызматы гана кабыл алчу. Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу режими" киргизилди.

Кыргыз расмийлери мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн кыргызстандык жарандарга тиешеси жок экенин айтып, Евразия экономикалык биримдигинин принциптери боюнча эмгек рыногунда толук кандуу укуктарга ээ экенин эске салууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев августтун башындагы маалымат жыйында Орусияда кыргызстандыктар салыштырмалуу кыйла жеңилдиктер менен иштеп жатканын белгилеп, мигранттарга карата кабыл алынган эрежелер мыйзам бузгандарга гана тийиштүү деген пикирин айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (KE\ErN)

XS
SM
MD
LG