Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. 20-август, 2024-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. 20-август, 2024-жыл.

Ысык-Көл облусунда соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн 20-августта таң эрте жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты. Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор иштеп жатат.

Селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо жумуштары 18-19-август күндөрү да түн жарымга чейин созулган. Анда да министрликтин куткаруучулары, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чыккан.

18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Учурдагы маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган. "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын, "Нептун", "Семиран" пансионаттырынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG