Орусия Украина ээлеген аймагында дагы бир көпүрөгө сокку урулганын тастыктады

Курск. Көпүрөгө урулган сокку.

Орусиянын украин аскерлери ээлеп турган Курск облусунда стратегиялык мааниси бар экени айтылган үч негизги көпүрөнүн үчүнчүсүнө да сокку урулганын орус тарап маалымдоодо.

Сейм дарыясынын Глушково районундагы үчүнчү көпүрөсү жарактан чыгарылганын орусиялык блогерлер Владимир Романов жана Юрий Подоляк жазып чыгышкан.

19-августта кремлчил үгүтчү Владимир Соловьевдун Telegram каналына Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлүнүн видеосу жарыяланды. Анда ал “18-августта Курск облусунун Глушково районундагы Карыж айылында турак жайларды жана жарандык инфраструктураны ракеталык жана артиллериялык куралды колдонуу менен максаттуу аткылоонун натыйжасында Сейм дарыясындагы үчүнчү көпүрө жарактан чыгарылды” деп айтканын көрүүгө болот.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган. Расмий Киев бөтөн өлкөнүн жерин ээлөө ниети жоктугун белгилеп, бул операциясын Орусиянын соккуларынан коргонуу үчүн “буфердик зона” түзүү аракети деп атоодо.

Глушково аймагында экинчи көпүрө талкаланганын 18-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирип, “Аба күчтөрүнүн авиациясы абадан жасалган так соккулары менен душманды логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратууну улантууда. Бул согуштун жүрүшүнө кыйла таасирин тийгизүүдө”, - деп Telegram каналына жазган.

Серепчилер украин аскерлери Орусияга кирип барган чабуулунун аягы эмне менен аяктары белгисиз экенин белгилеп, бирок башка өлкө Орусиянын чек арасынан өтүп, аскерлери айыл-шаарларын ээлеп турган абал Экинчи дүйнөлүк согуштан бери катталган алгачкы олуттуу окуя экенине көңүл буруп жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Министрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирдиИндиянын премьер-министри Моди Украинага баратНазарбаевдин иниси пробациялык көзөмөл менен абактан чыгатИлимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевдин камактагы мөөнөтү узарды